www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмазбек Атамбаевдин жасап жаткан жоруктары эч кандай мыйзамдын алкагына сыйбай калды. Ал ИИМдин суракка үч ирет чакыруусунан баш тартып, 7-августта үйүнө алып кетүү үчүн келген «Альфанын» кызматкерлерине каршы короосуна төгүлгөн таш менен чабуул жасатып, аягында ок чыгарды.
Натыйжада бир спецназ окко учуп, «Альфанын» командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков да алган жараатынан улам каза тапты. Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов комага түшүп клады. Буларга Атамбаевдин хансарайында бекитилип турган куралдардан ок атылгандыгы айтылууда.
Атамбаев өзүнүн бийликте тургандагы мыйзамсыз иш-аракеттеринен сырткары адам өлтүргөнү үчүн жоопкерчиликке тартылабы? Ал эми анын мыйзамсыз аракеттерин колдоп, элди дүрбөтүүнү көздөгөндөр, укук коргоо кызматкерлерине каршы ок чыгаргандар, таш ыргыткандар да жоопкерчилик тартышы зарылбы?- деген суроо жаралат.
Эске сала кетсек, ИИМ Атамбаевди 8-июлдан бери Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу үч жолу күбө катары суракка чакырган. Атамбаев суракка баруудан баш тарткан.
27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган.
Булак: NazarNews.kg