www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскар Акаев да чыдабады, ММК беттерине өз ой–пикирлерин сунуш кылыптыр. Анын оюу боюнча: “Атамбаевдин камакта отурганы туура. Анткени, ал буга чейинки президенттерди камап салыш керек деп көп айта турган. Атамбаевдин койгон кадрлары да ишеним берген жок. Алсак Сапар Исаковду кайсы бети менен өкмөт башына алып барды. Ал эми Конституциялык жол менен бийлигин өткөзүп берген Сооронбай Жээнбеков, анын натуура иштерин көзүнө чукуп айтып, көз каранды болуудан баш тарткан. Бүлүнткүчтөрдүн эң эле чыгаан үлгүсү Атамбаев болуп эсептелет. Мен айрым адамдар аны бизнесмен деп аташканына таң каламын. Мага белгилүү болгонуна караганда, анын бардык болгон бизнеси Кыргызстан жазуучулар Союзунун акчасына анын «Кыргызавтомаштын» бир нече заводун сатып алып, анын көпчүлүк бөлүгүн демонтаж кылып, темирин Кытайга жөнөтүп, түшкөн акчасын Түркияга инвестиция жасаганынан турат.

2020-жылдын октябрындагы башаламандык мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мындай көрүнүш 2005-жылдан бери болуп келатат. Барынан да 2005-жылы конституциялык жол менен президенттикти өткөзүп бербегениме өкүнөм. Менин эч кимге көз артканым жок. Бир жыл президент болуп экс-президент статусуна ээ болгон Отунбаевага же үч жыл президент болуп туруп ушундай статуска ээ болгон Жээнбековго көз артканым жок. Алар экс-президент боло беришсин” – сыяктуу ойлорун он беш жыл иштеп экс-президент статусун албай жүргөн Акаев жазган.

Кыргыздын каргышы кайсы президентке тийет?

Кыргыз мамлекетинде 5 президент алмашты, кимдир бирөөлөр 4 эле болгон деп азайтат. Үчпү, төртпү сумма өзгөрбөйт. Кыргызстан Борбор Азияда бийлик алмаштыруу боюнча чемпион. Бир убакта кыргыздын башында Кудаян деген хан болгон. Кыргызга калмактар басып киргенде ал гареминдеги кыздар менен көңүл ачып, кыргыздын жигиттерин калмакка каршы көтөрбөй коёт. Кыргыздар кырылат, биринин атасы, биринин баласы өлөт. Дайнын таппай тирүүлөрү Анжианга тентийт. Жок дегенде калмакка каршы чыккан жигиттерди калмакка каршы коюп койсо, кыргыздар кырылмак эмес. Ошондо Анжианга тентип кеткен кыргыздар Кудаянга каргышын айтат: ”Тукумуң жүзгө жетпесин, жети тукумуңа чейин биздин каргышыбыз тийсин” – дейт арып ачкан эл. Кудаян хандан калган “Тоголок” деген эл бар, чачыранды. Бир гана элдин каргышы тийгенби, ушул кезге чейин “Тоголоктун” тукуму жүзгө жетпей келет. Биз бала кезде ушундай сөздү сакалдуулардан укканбыз. Эми ойлонуп чынбы десек булар деле балалуу болушат. Лекин, кудай мунун артын ары кылсын, тукум бары бир жок, “Тоголок” эмес тоодо жаткан бокмурундар эбакта жүздөн ашты, балким Кудаян хандын каргышка калганы чынбы? Бирок жети тукумуна чейин каргаптыр, буюрса сегизинчи тукуму келе жатат. Булар кыргыздын санын көбөйтсүн.

Аскар Акаевди 1990-жылы октябрда парламент президент кылып шайлаган. Анын убагында легендарлуу парламент, 1 жана 2 чакырылыштагы ЖК болду. 14 жарым жылдык президенттик доорунда башында парламентке көп барса, кийин парламентти тоготпой калган. Алмазбек Атамбаев 2011- жылдан 2017-жылга чейин бийледи. Анын учурунда 5-6 чакырылыштагы ЖК болду. Парламентке барбай эле кол алдындагылар менен маселелерди чечкен. Кийин депутаттарды «чимкириктер» деп атаган.

Атамбаевди “журт атасы” деп жүргөн СДПК фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов ар бир учурда башка адамдарды “журт атасы” атап калган. Бирок, миң жолу “журт атасы” десин,  ал өзүн-өзү көрсөтүп койду.

Ал эми Аскар Акаевичти Атакенин тукумуна айлантып, “журт атасы” атаган Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгын лауреаты, белгилүү акын Майрамкан Абылкасымова. Чындыгы, Акаев Атакенин эмес, Абыланын тукуму. Турдакун Усубалиев да бул наамдан куру калган эмес. Аны Таштемир Айтбаевдин жакын агасы, азыркыча айтканда Бишкек мэри Молдобаев атаган. Түгөнгүр, Молдобаев Усубалиев кызматтан кетер менен жамандай баштаганы менен, ал деле Фрунзенин шааркомунан кол жууган.

Сталинди “журт атасы” деп Касым Тыныстанов менен арыздашып жүргөн Аалы Токомбаев жазган. Касым Тыныстанов камалган соң артынан Аалы Токомбаев да камалган, ал Сталинге “Атаке, өз уулуңду өлүмгө кыйба” - деп жатып Сталиндик алааматтан кутулган.

Акаев Батыш колдогон гейлерди колдойбу?

АКШ бекер жерден акча береби, түтөтүп эле 2020-жылы 4 миллиард 200 миллион сомдук беш машина долларды, “Манас” аэропортунан Кыргызстандагы өз элчилигине ташып салган. Дүйнөлүк дипломатиялык этика боюнча элчиликтерге тиешелүү мүлктөрдү текшерүүгө болбойт. Ошол себептен бул долларды жүктөп алган дипломатиялык машиналар эч текшерүүсүз элчиликке өтүп кетишкен. Бул акчалар менен ар кандай митинг, марш, гей-параддарды уюштуруп, ичтен жеген курттай болуп, ичтен иритип, Орусияга каршы күчтөрдү бириктирип чаң тополоң салыш керек. Бул акчадан “ооз тийишкен” НПОлор, жыйырмадай парламенттин депутаты жана башкалар мамлекеттин керт башын уруп ойнобой, алган акчалар үчүн тукулжурап турган калкты козгоого дайым даяр турушат. Чокту үйлөй берсе жалын чыгып кетиши мүмкүн, Акаевдин учурунда 1999-2000 - жылдары миң можахедге араң туруштук берген армиябыз бар экенин билбейбизби? Владимир Путин мамлекет башына келгени коопсуздук чаралар бекемделип, кагаз жүзүндөгү ЖККУ чыныгы коргоно турган уюмга айланган. Ал мезгилде Кыргыз Республикасын бир дипломат акча менен коргогон экс-президент Аскар Акаев уулунун өз мекенине коюлбай калганы үчүн кусаматы артып турат. Ошондуктан, ал Батыштан куюлуп жаткан акча каражаттарына, алардын аркасынан өткөрүлүп жаткан гей-параддарга үмүт менен карап турса керек.

Алмазбек Атамбаевдин кеби башка, ал учурунда Путин менен досмун деп, тумандап кеткен көздөрү менен аны эл алдында этикадан тышкары сыга кучактаганы көпчүлүктүн эсинде. 2017-жылы августта Сочиде Путин “досуна” жолугуп, ал эмес Сыягүл Караман деген кесиптешибиз Путинден кыскача маек алууга жетишкен. Акыркы ирет “досу” менен болгон жолугушуу СИЗОго камалар алдында болсо керек. Ортодо көп убакыт өттү, бирок Путин тараптан үн жок. Демек, Атамбаев деле ичинен “досунан” түңүлгөн болсо керек, ошондуктан АКШ тараптан келген акчалар, гей жүрүштөрү анын деле кабатыр тартып жаткан жүрөгүнө жарык шооласын чачып жаткандыр.  Бирок,анын  жердеши Аскар Акаевдин “бомбалап” жатканына кандай ойдо болсо керек?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости