www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Садыр Жапаровду колдоо акциясы өттү

Бишкекте бүгүн 28-апрелде президент Садыр Жапаровго колдоосун билдиргендердин акциясы өттү. Иш-чара Жеңиш аянтындагы "Өчпөс оттун" жанында уюштурулуп, ага жүздөн ашуун адам катышты.

Уюштуруучулар акцияга Кыргызстандын бардык облустарынан өкүлдөр келгенин билдиришти.

Мамлекет башчысынын саясатын колдоп чыккандар митинг-пикеттерге, бейөкмөт уюмдарга, оппозицияга каршылыгын билдирип, Жапаровдун коррупцияга каршы күрөшүн, жүргүзүп жаткан саясатын кубаттарын айтышты.

Активист Бакай Кашкарбаев өз сөзүндө Ак үйдүн тосмосу алынганы менен ичинде элди менен бийликти бөлүп турган тосмо дагы эле бар экенин белгилеп, президентти курчап тургандар аны “аңга сүйрөп баратканын” айтты:

--“Дагы деле ичиндеги тосмо кулай элек, иштеп жатат. Азыр сизди курчап турган кишилер сизди түз эле аңга сүйрөп баратат. Бир бутуңуз аңга түштү, урматтуу Садыр Нуркожоевич. Алар кайсы система болбосун, жашай беришет. Алардын колунда бар, эртең экономикалык кризис келсе алар эч нерсе болбойт. Бирок сизге үмүтүн байлаган жөнөкөй адамдарга жашоо кыйын болуп калат. Өзүңүз элиңиздин бетин карай албай каласыз. Кептин баары кадрда болуп жатат. Биз көрүп, угуп, бирок жеткире албай жатабыз. Кылам деген реформаларыңызды жаныңызга жакшы кеңешчилерди алып кыла бериңиз. Кыргыз эли сизден көңүлү сууй элек. Дагы да үмүтүбүз үзүлө элек”, - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости