www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талтаң-талтаң баскан Данияр Абдыкаров балпаң-балпаң басып кайрадан жаңы кызматка келди. Ал Атамбаевдин тушунда дагы жакшы көтөрүлүп, мурдагы ИИМ министри Улан Исраилов менен колтукташып бир нече сыйлыктардын ээси болуп төрдө олтуруп кере-кере дем алып келгени маалым.

Эми минтип ИИМди ичинен ириткен Абдыкаров бүгүн «Манас» аэропортунун авиациялык коопсуздук жана тартип дирекциясынын директору болуп дайындалды.

Мына сага, жалпы милициянын атын булгаган ички иштер министрлигинин мурдагы орун басары Данияр Абдыкаровдун буга чейин атына бир дагы жакшы сөз айтылган эмес, ал тургай анын көптөгөн чуулгандуу иштерге катыштыгы бар экендигин тастыктаган макалалар далай ирет чыккан.

Абдыкаров, Алмазбек Атамбаевдин кадимки мафиясынын ишенимдүү лөктөрүн бири болгон. Эми жаңы бийликтин учурунда да балпаң-балпаң басып майлуу-сүттүү кызматты ээлеп, эркелегенин токтоткон жок.

Мунун сазайын министр Кашкар Жунушалиев жакшы эле бергенге аракет кылып, Абдыкаровдун кол астындагы куйруктарын тазалап, Даниярга окшогон далайын жок кылды эле...эми кайра эле барып креслого олтуруп калганы таң калычтуу.

Билесиңер да бул коён жүрөк, коркок 2010-жылы Талас милициясында башчы болуп турганда министр Молдомуса Конгантиевди жаалданган элдин арасына салып берип коюп, өзү аялдын көйнөгүн кийип качып кеткен.

Эми эки айылды бириктирбеген Данияр мырза Кудай сактасын аэропортко жайгашып алыптыр, тьфу-тьфу оозубузду жел алсын, кокус бир нерсе болсо так ушул Абдыкаров, президент Сооронбай Жээнбековду сатып кетпесе кулакты кесип берели.

А баса, Бурулайдун өлүмү боюнча кимдер гана билбейт, Жайыл райондук милициясынын иштен алынган башчысы дал ушул Абдыкадыровдун кишиси болгон.

Кудай сакта, Кудай сактаа-а ушинтип олтуруп Сүмбүлдөр президентибиз Сооронбай Жээнбековдун шорун шорподой кайнатпасаңар экен, тьфу-тьфу жамандыгыңар өз башыңар менен кетсин, өз башыңар менен!

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости