www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мындай пикирин коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев соцтармактагы өзүнүн баракчасына Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаев менен азыркы президенти Касым-Жомарт Токаевдин акыркы саясий кадамдарына карата биздин мурунку ажо Атамбаев жана учурдагы өлкө башчысы Жээнбеков менен салыштыруу иретинде жазып чыкты.
“Ошентип президент Токаевдин орто жолдогу бийлиги аягына чыкты көрүнөт... кыргызча айтканда "аркандалган аттай" эле акыбалга келип калыптыр... бечара. Казакстанда тээ илгертеден келе жаткан “аталык институту” орнотулуп, "эки тизгин бир чылбыр" кайрадан эле элбасы Нурсултан Назарбаевдин колуна ырасмий берилиптир... Эмдиги кадам - мөөнөтүнөн мурда өтүүчү шайлоодо бийликти нукура мураскорго тапшыруу (колдон колго) боло турганын бөркүбүздөй эле көрө берсек болот окшойт.
Ушуну карап олтуруп, президент Сооронбай Жээнбековго кантип ыраазы болбой коебуз? “Аталыкты” биринчиден болуп Атамбаев орнотуп жатпады беле?.. Ошол коррупцияланган чеңгелден куткарганы эле эмне деген эрдик, билген кишиге. Негизи, Кыргызстан бул чөлкөмдө "ак каргадай" эле акыбалда, жалаң авторитардык режимдердин арасында туруп, алардын "асмандагы айды чапчып" турушкан президенттеринин арасында жүрүү, алар менен сүйлөшүү, иш алып баруу Сооронбай Шарипович үчүн деле оңой эмес... Колунда алардыкындай бийлик жок, чөнтөгүндө алардагыдай пул жок, артында тиреп турган күчтүү экономика жок...”, - деп жазат анда Каптагаев.
Ооба, канчалык “кошуна өлкөлөрдөн артта калып кеттик” деп жер чапчыбайлы, бул өңүттөн алганда абдан эле алдыдабыз. Эң башкысы – эл эркиндиги эмеспи...
Эске сала кетсек, кечээ Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн тунгуч мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин кадр саясатындагы ыйгарым укугун жогорулаткан буйрукка кол койгон.
Токаевдин буйругуна ылайык, мындан ары тышкы жана ички иштер министри, коргоо министри сыяктуу кызматтардан башка өкмөт мүчөлөрү Коопсуздук кеңешинин төрагасы, тактап айтканда Назарбаевдин макулдугу менен гана дайындалат.
Андан сырткары Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук комитети, Улуттук банк, Республикалык гвардия, Тышкы чалгын кызматы, Күзөт кызматы өңдүү президентке түздөн-түз баш ийген орган, мекемелердин башчыларын дайындоодо Коопсуздук кеңешинин жетекчиси менен кеңешүү керек болот.
Ошондой эле облус акимдерин, республикалык деңгээлдеги шаарлар жана борбор калаанын мэрлерин дайындоодо да Назарбаев менен кеңешүү зарыл.
Казакстанды 30 жылдан ашык башкарган Назарбаев президенттиктен быйыл март айында өз каалоосу менен кеткен. Бирок Коопсуздук кеңешинин башчысы кызматын жана бийликтеги "Нур Отан" партиясынын лидерлигин сактап калган.
Назарбаев быйыл 79 жашка чыкты. Ал алгач президент болуп 1990-жылы апрель айында шайланган жана беш жолу шайлоого катышып, эң көп пайыз добуш алып жүргөн.
Булак: NazarNews.kg