www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азия өнүктүрүү банкы республикалык бюджетти колдоого 50 млн доллар өлчөмүндө гранттык каражат берет. 50 млн доллар өлчөмүндө гранттык программаны ишке ашыруу жаатында Кыргызстанда бул иштер ишке ашат:

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, Экономикалык диверсификацияны илгерилетүү Программасы соода жана инвестицияда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жолу менен Кыргызстанда туруктуу экономикалык өсүштү колдоого багытталган. Программа төрт саясаттын негизги багыттарынан турат: Соода жана инвестициялык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк, Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, Тармактар менен байланышкан көндүмдөрдү өнүктүрүү.

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасынын 1-подпрограммасынын Гранттык макулдашуусу жөнүндө ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости