www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ОДКБдагы ШЕРИКТЕШТЕРИ А.АТАМБАЕВГЕ КАНДАЙ МАМИЛЕДЕ? ОДКБнын бир саммити Кыргызстандын катышуусуз өткөнү окурмандын эсиндедир. Анын алдында өкмөттүк жана өкмөткө жагалданган ММКлар ал саммитке Кыргыз бийлиги катуу даярданып жатканын «чуулдатышканы» да эсте. Анткен менен саммитке өткөөл-президент аталып жүргөн Роза Отунбаева баш болгон Кыргыз делегациясын киргизбей коёрун ким билиптир… Эмне үчүн антишти дебейсизби? Анткени ал саммитте 2010-жылкы7-апрель революциясына баа берүү каралган. Анан ОДКБ мүчөлөрү «2010 жылы 7-апрелде ок атуу куралдарды жана бронетехника колдонуу менен Кыргыз Республикасында бийликти басып алуу болду» деген Коммунике менен Токтом кабыл алып, анын курмандыктарын жана күнөлүүлөрдү атайын белгилешкени белгилүү. Бул документтин кабыл алынуусун, кийинки кан жолу менен бийликти алабыз дегендерге эскертме катары кабыл алыш керек. Аны Кыргыз бийлиги да эң сонун билет. Ошентсе да, аны билмексен болгон А. Атамбаев, кийинки, 2013-жылкы саммите Александр Лукашенкодон, «Сиз, Кыргыз элинин талабын качан аткарасыз?»- деп сураган экен. -Кайсы талапты?– дептир Белорустардын «батькасы». -Сиз Бакиевди Кыргызстанга качан кайтарып бересиз? «Батька» жарыла жаздап, Атамбаевге, «Эй, кан ичкич каракчы, эмне деп жатасың? Регламент жана этикет дегенди билбейсиңби? Бул жерге биз башка маселелерди талкуулоого чогулганбыз. Бакиевдин маселесин өткөн саммиттерде талкуулап, токтом кабыл алып койгонбуз» - деп, андан ары жерден алып көргө чаап, орусча үч тамгага жөнөтө сөгүп, айласын кетиргенин Москвалык калемдештер кеңири айтып беришти. «Ошондо Путин Лукашенконун ачууланбашын өтүнүп, Атамбаевди регламентти сактабагандыгы үчүн эскертип жатып жаңжалды басканын» да айтып отурушту. Бул китепти даярдоонун жана жарыкка чыгаруунун айрым маселелери боюнча Москвада жүргөн учурда айрым кесиптештерим президент Атамбаевдин жоруктары бүткүл Кыргыз элине көлөкө түшүүрөөрүн айтышты. Москвалык журналисттер Атамбаев катуу оору экенин Түрк врачтары аныктап, ал ооруну алар гана, Түркияда айыктыраары жазылган справка бар экенин айтышып, «Жакында Атамбаевиўер да качат!», - деп сырдуу жылмайышты. Балким, бул апыртма же кычы сөздөр. Эгер анын бир эле сүйлөмү чын болсо, биздин президентке аброй, сый апкелбейт. Россияда Алмазбек Атамбаевге болгон мамиле жөнүндө Москвада иштеп, окуп жүргөн жердештерибиз да айтып беришти. Кыскасы, Орусиялыктар, айрыкча москвалыктар биздин президентти оозуна келгенди оттогон, маскарапоз деп эсептешээрин кеп кылышты. Бирок, мен ал сөзгө анча ишенген жокмун. P.S. Өз өлкөлөрдүн президенти жөнүндө башка эл өлкөлөрдөрүнөн тетири пикир угуу кандай оор. Ал пикирлер жалаң чындык болсо да угуу кыйын. Кулак кулактыгынан чыдайт экен. Киндик кан тамган, өзшң, элиң жашап жаткан улуу журт, өлкөңдүн президенти татыктуу болсо, аны менен сыймыктанууга не жетсин?! Тилекке каршы, Атамбаев жөнүндө айтылган ачуу чындыктар ушундай. Ал чындыктар бул китепте аздыр, көптүр чагылдырылды. Президент жөнүндөгү кейиштүү чындыктардын баары фактылар жана документтер менен бекемделип турганын көрүп, анын аты-жөнү келечек тарыхка кара тамгалар менен жазылып калабы деп да ойлонот экенсин

Булак: "7-АПРЕЛЬ ЖАНА ТҮШТҮК КООГАЛАҢЫ ЖУРНАЛИСТТИН КӨЗҮ МЕНЕН" китебинен алынды

Автор, Ырысбек Өмүрзаков

Булак: NazarNews.kg

Последние новости