www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-июлда «Форумдун» алдында өткөргөн «Мен болбой калдым» деген митингинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Азыркы элита алмашыш керек, бийликке Мискенбаевге окшогон жаш элита келиши керек» деп айтты. 

Муну угуп отурган кулактар күйүп кеткендей эле болду. Апрель баатырларынын арты менен коомдук бирикмеге жетекчи боло калып, анан аларга деп берилген көмүрдөн өйдө сатып жиберип, чөнтөгүн калыңдатып жүргөн Мискенбаевди Атамбаев «жаш элита» деп эсептесе, анда «жыргаган» экенбиз. 

Сүйлөгөн сөзүнөн эле Мээрбектин мээси жок экени билинип турат. Билими да, маданияты да өтө төмөн. Элдин ынтымагын, биримдигин ойлоп да койбойт. Болгону шылуундукту мыкты өздөштүрүп алса керек. Көмүрдөн өйдө сатып жиберип жаткандан кийин башкасын айтып не кылабыз. Айтор, бир сөз менен айтканда Атамбаевдин «элитасы» Мээрбек болсо жөн эле койсунчу, ыраазыбыз. Адамдык сапаты жакшы болгону менен жаңы "элитанын" катарын толуктай албайт же буканын эти күчтүүлүк кылдыбы?

Кыскасын айтканда кечээги митингде аялдар эмес эркектер ажылдады.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости