www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


2010-жылы кандуу каргашалуу окуяга катышып, көпчүлүк митингдерди башынан өткөргөн аттуу-баштуулар, Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров, Алмамбет Шыкматов жана башка саясатчылар менен тыгыз байланышта болуп, тилекке каршы апрель окуясынан кийин Убактылуу Өкмөттүн бетине түкүрүп, “Баатыр” деген наамын өрттөгөн Бактыгүл Жумабаеваны NazarNews маалымат агенттиги кепке тарттык.

--Саламатсызбы Бактыгүл айым, Кыргызстанда болуп жаткан окуянын баарына күбө болуп келе жатасыз. 27-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-президент деген макамы алынды. Сиз ал кишинин жакын адамы катары кандай пикирде калдыңыз?

--Экс-президенттикти алганы туура. Бир чети кол тийбестикти алганы жакшы болду. Себеби баардык президенттер ката кетирбегенге эл үчүн кызмат кылганга абдан жакшы жол ачылды.

--Так ушул таптарда Алмазбек Атамбаев Кой-Ташта өзүнүн үйүндө, таштарды төгүп, атчандарды чакырып кандайдыр бир иш аракеттерди жүргүзүүдө.

--Атамбаевдин бул кылганы туура эмес. 2010-жыл менен бүгүнкү күндү салыштырып болбойт. 2010-жылы митингге эл өзү чыккан. Бүгүнкү саясый күрөш бир эле кишинин жалгыз керт башынын кызыкчылыгы болуп жатат. Буга ошончо кишини чакырып, таштарды төгүп, мындай иштерди жасап жатканы айланасындагыларга жагып жатышы мүмкүн. Бирок Атамбаевдин убагында туура эмес мыйзамсыз иш кылгандар коркконунан  ушул кадамга барып жатат.

--Калк арасында жана саясатчылар арасынды Атамбаевдин экс-президент деген макамын алуу кимдир бирөөнүн буйругун аткарды деп айтышууда. Сиздин оюңузча парламент кимдир бирөөнүн буйругун аткардыбы?

--Жок, бул жерде буйрук аткарылган жок. Бул жерде алганы туура эле болду. Азыркы президент Сооронбай Шариповичтин буйругун аткарды дейли десек, ал деле 6 жылдан кийин өзү деле кызматтан кетет. 4 жылы эле калды. Бул жерде буйрук деле жок. Эгерде Сооронбай Шарипович өзүнүн кызыкчылыгын ойлосо, анда бул экс-президент деген макамды алууга тоскоолдук кылмак. Буга чейин деле президенттерибиз, далай мыйзамдарга, Баш мыйзамга тоскоолдуктарды жаратып келбеди беле? Бул киши деле өзүнүн керт башын, кызыкчылыгын ойлосо мындай кадамга бармак эмес.

--Дагы эле сизге кайталанма суроо, апрель окуясы өз максатына жеттиби? Акыркы күндөрү апрель окуясындагы кырдаалды, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө нараазылыктар өтө көбөйдү.

--Апрель окуясы өз максатына жеттиби же жеткен жокпу, аны тарых өзү көрсөтүп турат. Бирок өкүнүчтүүсү Бакиев жеп жатат, Бакиев талкалады, 1 сом 50 тыйындык электр энергиясынын тарифи кымбаттаганына каршы чыктык эле андан айрымаланып деле кеткен жок.

--Азыркы учурда бийликке болгон нараазычылык күч деп айтышууда. Сиз саясатка көп аралашып жүрөсүз, КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун малекетти башкаруу системасы сизди канаатандырып жатабы?

--Мен канаатанып кеттим же канаатандым деп деле айталбаймын. Аны мезгил учурунда көрсөтөөр. Анын бизге кызмат кылып канааттанышыбыз үчүн мамлекетибизде тынчтык болушу керек. Алмазбек Атамбаев ошол кезде Батукаевди чыгарып, анын ордуна Нариман Түлеев, Садыр Жапаровду, белгилүү саясатчыларды, Ахматбек Келдибековду камады. Чындыгында булар мыкты кадр кызматкерлери болч ушундайларды камап, митингге чыккандарга далай мыйзамдарды иштеп чыккан. Бүгүнкү күндө өз минтип бир жылдан бери Сооронбай Жээнбековго тынчтык бере элек. Эл Атамбаевдин айтканын баарын аткардык. Досумду шайлагыла деди, шайладык. Кайра досуна өзү чыр чыгарып жатат. Анан мамлекетте стабилдүүлүк болбосо кантип кызмат кылат. Кенедей үй-бүлөөдө деле тынчтык болбосо канча чыр-чатак болот. Мына Матраимов өзүнүн учурунда иштеген. Сооронбай Шарипович президент боло электе кызматтан алынды. Бүгүнкү күндө аны байма-бай өзүнүн телеканалынан бир тараптуу кылып көрсөтүп жатат. Эгерде биз дагы Матраимов Жээнбековдун учурунда кызмат кылса, анда биз Атамбаевге кошулуп алып күрөшмөкпүз. Биз буга чейин жалган пиарлар жүргөндө биз чын эле ишенгенбиз. Турсунбек Акун ар кайсыны айтып чыкканда чын эле боорубуз ооруп калчу эле. Азыр булардын жалган пиарларды айтып бийликке тынчтык бербегенин баары түшүнүп калды. Ошондуктан булардын баардык эле айткан сөздөрүнө эл кошулуп жактай бербейт.  

--КР Президенти Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тиреши эмнеден келип чыкты, кимиси көбүрөөк ошол тирешке күнөлүү деп ойлойсуз?

--Билбейм, эл арасында айтылып жаткан ушак-айыңдар чындыкка жатчу эле. 2010-жылы Роза Отунбаева айтып чыкты, мамлекетти шоопур башкарып жатат деп. Атамбаев президент болуп турганда биз ар кандай акцияларды уюштуруп чыкканда Атамбаев бизди уккан эмес. Менимче Атамбаевдин максаты Сооронбай Шариповичти президент кылып, көмүскөдөн башкарып турам деген ой болгон. Сооронбай  Шарипович Атамбаевдин айрым бир пикирине макул болбой, чындыкты айтып чыкканына ошол тиреш болгон болушу керек деп ойлоном. Атамбаевдин көп былыктарын жабыш үчүн ушул иштерге барып жатат.

--Атамбаевдин Кой-Таштагы иш аракеттери кандай кадамга алып барат.

--Атамбаевдин Кой-Таштагы иш аракеттери Нарындан, Чүйдөн, Таластан, келе жатат дегени туура эмес. Батукаев жөнүндө таптакыр билбептирмин дегени да туура эмес. Батукаевди чыгарганда Канайым Бердибаева экөөбүз атайын акцияга чыкканбыз. Эгерде баш кесер Батукаев ушунчалык болуп ооруп жатса Нариман Түлеев менен Садыр Жапаровду чыгарыш керек деп акция өткөргөнбүз. Кантип эле ошону Атамбаев Батукаевдин өлкөдөн чыгып кеткенин укпай калды. Атамбаев караандай калп айтып билбей калыптырмын дегенине таптакыр ишенбей калдым. Себеби, Ахматбек Келдибековдун прокуратурада митинги болуп жатканда анда Аида Салянова Башкы прокурор эле мен дагы ошол жерге барганда, бир медсестра жаңылыштык кылып 1000 долларга справка берип коюптур деп айтылган. Ошол мезгилде Салянова мен билбей калыптырмын деп эмне үчүн Батукаевди чыгарып ийдиңер деп, Батукаевге каршы ошол адамдарды жоопко тартып, кылмыш козгогон эмес. Бул унчукпай калбадыбы? Атамбаевдин мен билбей калыптырмын дегени абдан таң калтырат.

--Учурда коомчулук мурдагы президент Алазбек Атамбаевдин камалашын күтүүдө. Алмазбек Атамбаев камалышы керекпи?

--Эми Алмазбек Атамбаевдин жанындагыларга алданып калыптырмын деп атпайбы. Атамбаев такыр алданбашы керек эле. Эки президенттин кылык жоругуна оппозицияда каршы чыгып жүргөн адам Атамабаев алданып калса жалпыбыз анда келесоо болуп калганыбыз ушул да. Бул туура эмес. Бул сөзүн жактырбайм. Чын эле ак болсо Сооронбай Шариповичти чакырып туруп күнөөсүн айтса болмок же дебатка чыкса. Атамбаев мурдагы эки президентти жамандагандай эле кара пиарларды жүргүзүп жатат.

--Бактыгүл айым, негизи эле кыргыздарда же Кыргызстанда атака минерлердин, байлардын же президенттердин жанында бийликке келгенде эки жүздүүлөр кошоматчылар жандап алат.

--Бул чындык.

--Эгерде сиз Атамбаевдин же Жээнбековдун жанында болуп калсаңыз, аларга кандай пикириңизди айтат элеңиз?

--Бүгүнкү күндө Осмонакун Ибраимов дегендер аларга акыл айтып атпайбы? Алар акыл айтпай эле койсун, алардын акылын эл уккусу келбейт. Элди ушул деңгээлге жеткирген ошол чиновниктер. Туура, биздин аткаминерлер, “ляппай” деп өзүнүн байлыгы үчүн кул болуп калган чиновниктер бар. Карапайым элдин оюна койсо биз экөөн тең маңдай тескей коюп алып, кана кимиңден кетти күнөө демекпиз. Атамбаев деле камагандар коркпой эле түрмөдө жатып чыкпадыбы? Эмнеден коркушу керек. Атамбаев ачык дебат өткөрүшү керек. Булар жегенин жаап жашырып атат. Элге тынчтык керек. Эми өзү деле атам деп атат. Баягы эле карапайым адамдар кыйынчылыкка учурайт. Карамушкина ангорка эчкисин жеп алып ар кайсы жакта чуркап жүрбөйбү, биринчи сомолетко түшүп учуп кетчүлөр ушулар. Бул жерде Жээнбековго жагынайын деген аракетим жок. Өзүмдүн жүрөгүмдөгү чындыкты айттым.

--Рахмат Бактыгүл айым. Ишиңизге ийгилик.

Эске сала кетсек, 27-июнда өткөн Жогорку Кеӊеш жыйынында КР Башкы прокуратурасынын тыянагын эске алуу менен, “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевди статусунан ажыратуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынып, Алмазбек Атамбаев экс-президент статусунан ажыратылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости