www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Башкы прокуратура «7-апрель шейиттери» мечити камакка коюлбаганын маалымдады. Маалыматка ылайык, бул мечит кайсы каражатка курулганын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

“Алмазбек Атамбаевдин коррупциялык жосундары боюнча тергелип жаткан кылмыш иштеринин алкагында, Бишкек шаарынын 7-кичи районунда жайгашкан «7 апрель шейиттери» мечити А.Атамбаевдин каражаттарына курулгандыгы аныкталган.

Бишкек шаарынын, Юнусалиев 173/1 дарегинде жайгашкан 1 гектар жер тилкеси А.Атамбаевге таандык «Форум» илимий-өндүрүш фирмасы» ЖЧКсына катталган.

Ошону менен бирге, аталган мечитке камак салынбаганын белгилейбиз.

Мечиттин ишмердүүлүгү кандайдыр бир түрдө чектелген эмес.

Учурда тергөө тарабынан А.Атамбаевдин мечитти курууга сарптталган акча каражатынын булагын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө” деп айтылат маалыматта.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости