www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Заманбап мезгилде санариптик, так компьютердик иш-аракетке өтүп жаткандыктан  2018-жылы штаттык бирдикти кыскартуу тууралуу өкмөттүн токтому чыккан. Ошондо 89 кишини Бажы кызматынын ал учурдагы төрагасы штаты жана кызмат орду менен кыскартып салган. Ошондо булар автоматтык түрдө кадрлар тескемесинде  туруп калышкан. Акырындап пенсияга кеткендердин ордуна алынып отуруп, азыр эми орун жок. Буга чейин Бажыда иштеген бир катар кызматкерлер өздөрүн мыйзамсыз иштен алуу аракети болуп жатканын айтып, бул үчүн Бажы кызматынын жетекчилигин күнөөлөп чыгышкан. Бул жерде Мамлекеттик Бажы кызматынын эч кандай күнөөсү жок. Мекеме өз дарегине айтылгандарды четке каккан.

Ошол кездеги жетекчилик 89 штаттык бирдикти кыскартуу тууралуу буйрук чыгарган. Алардын теңинен көбү буга чейин иштен кеткен же бош орундарга жайгаштырылган. Андан калган 37 киши буйрукка ылайык эми жумуштан алынды. Кыскартууга туш болгон кызматкерлер өздөрүнүн иштен алынганы мыйзамсыз экенин азыр да кайталап жатышат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости