www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев жана Максат Сабиров, Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчы кызматында турууга акысы жок экендигин айтышты.

“Сиздин бажаңыз жана туугандарыңыз жөнүндө ушундай маалыматтар тарап жаткан убакта, сиз ушул кызмат ордуңузда турууга акыңыз барбы?”, - деп сурады Максат Сабиров.

Мухаммедкалый Абылгазиев бул суроого так жооп берген жок.

Исхак Масалиев, премьер-министр “КТ Мобайл” компаниясынын тегерегиндеги чырдан кийин  арызын жазышы керек экендигин белгилеп, “кетүү мезгилиңиз келди го”, – деди Масалиев.

Буга М.Абылгазиев, “КТ  Мобайл” боюнча депутаттык комиссия иштеп жаткандыгын билдирди. “Мүмкүн фейк болуп калаар. Эгер, менин күнөөм болсо, чечим чыгарам. Же силер калыс бааңарды бересиңер”, - деп айтты премьер-министр.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости