www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 20 жылдыгына жана КР Куралдуу Күчтөрүнүн 27 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарасына катышты.

Иш-чарада аталган мааракелерге арналган документалдык тасма көрсөтүлдү.

Мамлекет башчысы аскер кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алар Мекен алдындагы ыйык парзды татыктуу аткаруу менен элдин бейпил жашоосуна, тынчтыгына, жердин бүтүндүгүнө, чек аранын бекемдигине зор салым кошуп жатышканын белгиледи.

Аскердик милдетин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгынын жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 27 жылдыгынын урматына Президент Сооронбай Жээнбеков төмөнкү аскер кызматчыларын жана ардагерлерди Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйлады:

Ибраимов Автандил Жайлообекович — майор, Чек ара кызматынын аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары;

Мамырканов Руслан Дуйшенкулович — майор, Чек ара кызматынын Башкы штабынын улук офицери;

Газиева Луфиниса Таштановна — прапорщик, Чек ара кызматынын жашыруун бөлүгүнүн начальниги;

Ахмедшарипов Акылбек Тариэлович — полковник, Кургактагы аскерлеринин аскердик бөлүгүнүн командири;

Дыйканов Искендер Асангулович — полковник, Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Даир Асанов атындагы Кыргыз Улуттук аскер лицейинин башчысынын орун басары;

Орозалиев Шамшидин Латипович — подполковник, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн аскердик бөлүгүнүн вертолеттук эскадрильясынын офицери;

Каниметова Жаныл Муслимовна — гвардиянын майору, Улуттук гвардиясынын аскердик бөлүгүнүн оперативдик башкармалыгынын улук офицери;

Субанов Мырзакан Усурканович — отставкадагы генерал–полковник;

Абдыбеков Насыпбек Айтбекович — отставкадагы полковник;

Мячин Анатолий Филиппович — отставкадагы полковник;

Рыскулов Абдивали Рыскулович — отставкадагы полковник;

Мамбеталиев Искендер Султанович — запастагы полковник.

Иш-чара майрамдык концерт менен аяктады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости