www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АУДИО – Кокуй, Феликс качып кетти

Биздеги күч түзүмдөрдүн жалкоолугунун айынан далай жегичтер колго түшпөй, куйругун түйгөнүн көрүп жүрөбүз. Же булар алакан майламай оюну менен шарт түзүп берип жатабы, ким билсин.

Жакында Чүй облусунун Москва райсотунун мурдагы төрагасы Феликс Марлес дагы салаасынан бармагын көрсөтүп, Кыргызстандан качып кетти. Ал кызмат адамына өзгөчө ири өлчөмдө пара бергени боюнча шектелип жатканда Президент Сооронбай Жээнбеков жеке өзү кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Феликс Марлести судьялык кызматтан 2018-жылдын октябрында бошоткон экен. Жарым жылдан бери органдар эмне кылды? Соодалаштыбы? Өкүнгөнүбүз, атайын кызмат качан гана качкан маалда эсине келип, 4-майда Марлести издөөнү жарыялады. Бул соңку жарым жыл ичинде качып кеткен үчүнчү судья болду. Буга чейин Аскер сотунун мурдагы төрагасы Нурланбек Ашымбеков, Октябрь райондук сотунун судьясы Эрнис Чоткараев куйругун түйүшкөн. Бул шалаакылык үчүн кимдир бирөө жооп бериши керек да.

Булак: “De-facto”

Последние новости