www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коррупция коркунучтуу оюн экен, так эсебин ким билет, бирок Башкы прокуратуранын айтымына караганда 2018 – жылы коррупция аркылуу кымтылган акчалардын саны 3 млрд 489 млн 515 миң 800 сомго жетти. Бакытбек Садыгалиев аттуу Башпрокуратуранын бакыйган улуу прокурорунун айтымында коррупция кылгандардын саны миллиарддан ары кетет.
Бул, албетте, билинген гана коррупциянын жыты, билинбеген коррупциялар канча экенин ким билет? 2018-жылы коррупцияга таянып “коркуратып” мойнунан бурагандардан 183 млн 809 миң 294 сом мамлекеттин казынасына түшкөн. 2019-жылдын башынан бери мамлекетке коррупция аркылуу зыян келтиргендердин саны 5 млрд 981 млн 843 миң 700 сомго жетип, тергөө кызматкерлери аркылуу 43 млн 784 800 сом өндүрүлгөн. Калган акчаларды ордуна коюу үчүн тергөө иштери жүрүп жатыптыр. 2018 жылы Башпрокуратура коррупция иштери боюнча 962 кылмыш иштерин козгогон:
-Кызматын кыянаттык менен пайдалангандар — 32; - Мамлекетке пайдасыз, өзүнө пайдалуу контракттарды түзгөн үчүн — 3; - Мыйзамсыз байыгандар— 4; - Пара алып же пара бер деп зордогондор — 53; - Кызматтык кара ниеттик — 56; - Паспортторду мыйзамсыз бергени үчүн — 12.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg