www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АУДИО - Кудалар кутурганда

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев бир тууган агасы Абибила Тагаевди "Газпром Кыргызстан" ишканасы куруп берген Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборуна директор кылып дайындаган.

Андан соң мындай жоругума эч ким унчукпайт тура деген өңдөнөт, экинчи бир тууган агасы Абдималик Тагаевди мэрияга караштуу Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигине директор кылып дайындап, коомдун ачуу сынына кабылды. Бети калың мэрдин абийири төгүлгөн соң, агасы арыз жазып иштен кетти.

Сыягы мэр Тагаев мамлекеттик кызматтарды өзүнүн бир туугандары үчүн деп элестетип алган окшойт. Же кудам турганда кутура берсем жарашат деп ойлойбу? Кичине напсисин тыя билсе, беш манжасын чыканагына чейин сала бербей...

Негизи мындай өзүм билемдиги үчүн иштен кетиши керек эле. Анткени "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө" жана "Кызыкчылыктар кагылышуусу жөнүндө" мыйзамдар бузулду. Прокуратура жоопкерчилигин караш керек болчу чалчаңдатпай...

Булак: "Фабула"  

Последние новости