www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мойнуна кылмыш беренелери илинип, жүрөгүн Рысбекке алдырып ийип, момпосуйдай монтоюп Москвада жүргөн Бабанов “абиси” Атамбаев камалаар менен Кыргызстанда пайда болду. Жүрөгү жок неме бирөөнүн таянычы болбосо батынып Кыргызстанга кире албайт эле, деги ким Бабановду колдоду деген күмөн ой көпчүлүктө пайда болду:
Батукаевди чыгаруу үчүн жанталашып Бакиевге ортого түшкөн, бирок алар макул болгон эмес. 2017-жылы шайлоого шыкак болсун деп Орус-Кыргыз өнүктүрүү банкынан Бабановго 4 пайыз үстөк менен 17 миллион доллар насыя алып берүү үчүн анын жетекчиси Кубаныч Кулматовго ортого түшкөн. Мындагы акчалар өнүгүүгө кетиш керек эле, бирок мыйзамды бузуп Бабанов соодага “Азиямоллго” жумшаган.
2017-жылы президенттик шайлоодо Машкевич Назарбаевге, казак миллиардерлерине ортого түшүп Сооронбай Жээнбековдун президенттикке өтпөй калышы үчүн бардыгына даяр эле.Ал эмес чаң тополоңго да, бирок Бабанову өтпөй калып Москвада жашынып жүргөн, Машкевич “сага эч кимди тийгизбейм” деп ушул моментте алып келиши мүмкүн.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg