www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Курсан Асановдун кайрылуусун окугандан кийин, жекече оюмду билдиргим келди, деген пикирин билдирди Жогорку Кеңештин V-чакырылышынын депутаты жана вице-спикер, коомдук саясый ишмер, “Мээримбек” кайрымдуулук фондунун президенти Надира Нарматова учурдагы саясый кырдаал боюнча NazarNews.кg маалымат агенттигине.

Өз ишинин кесипкөйү, элдин алкоосуна, ишеничине татыган милициянын генерал майору Курсан Асановдун, 7-8- августа өлкө тынчтыгы коркунучта турган мезгилде кесипкөйлүгүн көрсөтүп, жасаган эмгегин бүткүл кыргыз эли ММКлар аркылуу көрүп, өз баасын берип олтурду. "Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт"- болуп, дагы бир оюнчулардын курмандыгы болуп калбасын. 2,3 күн соцсайттарда К.Асановдун коомчулуктагы орду көтөрүлүп кеткенине, ичи күйүп, эч нерсе таппай жүргөн бирөөсүнүн ичи өтүп кетти окшойт. Балким, биз билбеген, көрүнүштөр болушу мүмкүн.

Бирок, "алдын ала эсептеп койоюн"- деп, кооптонуп, көзү менен көрүп турган куралдарды эсептеп койгонун, факты үчүн видеого тарттырып койгонун “жекече кызыкчылыгы үчүн, пиар жасады” деп күнөөлөп "Саткынчылык жана милициядан ишеничтен кетти" - деген, “формулировка” менен кызматтан бошотулушу, изилдөө үчүн башкы прокуратурага берилиши өтө эле аша чапкандык эмеспи? Бул түшүнүк кайра бул системага кайра келүүгө тыюу салынып, "эшек иштейт, ат жейт"- дегендей болуп жүрбөсүн.

Мен билгенден 9 жылдан бери ЖК болобу, тынчтык бузулган жер болобу кайда болсо мамлекеттин булуң-бурчунда ИИМдин жетекчилигинин атынан “өрт өчүргүч” болуп, өз милдетин кынтыксыз аткарып жүрөт. Ошондуктан Курсан Асановдун таза эмгегин, чырга айландырып, түрдүү божомолдорду коомчулукта жаратпай, ИИМдин министри Кашкар Жунушалиевдин так маалымат берүүсүн талап кылалы. Эмне үчүн мен эмес?-деген, ичи тардык качан токтойт?  Өткүр, элге жаккан кадрларды буттан чалып, бучкакка чапканды, элдин алкоосуна ээ болгон, эл колдогон духу бар кадрларга жалаа жаап, кумурскадан пил жасап, бут тосконду качан токтотобуз? Бирок, "ак ийилет, сынбайт"-деген сөз бар. Биз ишенебиз.

7-8-августа болгон Кой-Таштагы окуяда Курсан Асановдун мыйзам бузган аракети өзүнүн кайрылуусунун негизинде жокко эсе көрүнөт. ИИМдин “саткынчылык, милициядан ишеничтен кетти” - деген, сөздөрдү К.Асанов мыйзам ченемдүү коомчулука далилдеп берет. Анткени анын төмөндө өзүнүн кайрылуусунан сезүүгө болот, деди Жогорку Кеңештин V-чакырылышынын депутаты Надира Нарматова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости