Сегизбаев тууралуу сегиз ооз сөздү окурмандарга тартуу кылабыз...
- Сегизбаев сепеңдеп жүрүп Акаевдин пресс-катчысына жетет;
- Сегизбаев Кыргызстанда бары тынч деп Акаевди алдап жүрүп түбүнө жеткен. Болгонун болгондой айтса мүмкүн тарых тескери айланмак;
- Акаев 2005-жылы 24-мартта элди атууга курал камдаган. Муну билгендердин катарында Сегизбаев да болгон. Ал бийлик алмаштырып жаткан жигиттердин колуна түшүп калып төпөш жеп, куралдар каякта катылып жатканын айтып берет.
- Бакиевдин учурунда Сегизбаев журналистке эч ким таңсык болгон жок;
- Атамбаевдин экс кайынатасы Теңизбай менен Сегизбай бир тууган болуп, экс жездеси Алмаз Шаршеновичке таянып Ак үйгө жакшы кызматка келди. Эң алгач Кыргызстанды тейлеген "шопур" Илмиянов менен тил табыша албай калат. "Шопур" Илмиянов муну УКМКга айдап жиберет.
- УКМКнын маалыматын тейлеп жүрүп "ефрейтор" Сегизбаев генерал Сегизбаевге айланып УКМКны жетектеп, далай түз жүргөн адамдардын артына туз куят.
- УКМКга тиешеси жок шайлоо кампанияларын Сегизбаев чечкен.
- Экс болсо да жездеси Атамбаевди унуткан жок, "ефрейтор" журналист, экс УКМК жетекчиси катары барып пиар жасап турду.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»