www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ар дайым Жогорку Кеңештин жыйынында «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын башчысы Азамат Абдыкадыровду сынга кабылып, начар иш алып барып жатканы боюнча жеме жеп жүргөн. Ошол эле маалда эл өкүлдөрү Улуттук энергохолдингдин кереги жоктугун, жоюп салыш керектигин айтышып күпүлдөштү эле. Көрсө иттин өлүгү бул жакта көмүлгөн экен да. Эмнеге эле жоюш керек деп элирип калды десе, кесиптеши Айтмамат Назаровду жетекчи кыла алышпай жатышкан тура. Айтмамат Назаров тууралуу эмне белгилүү? Энергетика тармагында түшүнүгү барбы? Аны сурап койгон же териштирген киши жок.
Назаров тууралуу кызыктар: 2019-жылы февраль айында комитет жыйынында кесиптеши Салайдин Авазов экөө телефон ойноп жатып, фракция лидери Баатырбековдон тил угушкан. Анда да жыйын баштала элек деп мойнуна албаганга аракет кылган. Бирок, журналисттер видеого тартып алганынан унчукпай калган. 2018-жылы бизнес омбудсмен кызматын киргизиш керек деп Американы ачкандай жар салган. Кыскасы, энергетикага эч кандай жакындыгы жок. Комитетте, жогорку шептин үкөсүнөн көзүн албаган Назаров, ушинтип “сыйкыр таяк” менен “май-талканга” келди. “Оюнчу” неме, эмне оюндарды көрсөтөөр экен?
Булак: «Факты.kg»