www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Түндүк-Түштүк жолунун жалпы узундугу - 433 чакырым. Азыр анын Балыкчы шаарынан Кочкор айылына чейинки, Кочкор айылынан Эпкин айылына чейинки бөлүгүндөгү 68 чакырым жолду каржылоо маселеси калды, калган бөлүгү толугу каржыланып бүттү. Ошондон улам, буга чейин Азия өнүктүрүү банкы менен каржы маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келген.

Бул тууралуу каржы министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев билдирди. Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкы Түндүк-Түштүк жолунун күрулушуна 78 млн доллар көлөмүндө каражат, анын ичинде 68,5 млн доллар жеңилдетилген насыя, 9,5 млн доллар грант берүүгө даяр. Насыяны жабуу мөөнөтү - 32 жыл, жеңилдетилген мөөнөтү - 8 жыл. Ал эми кыргыз тарап 12 млн 750 миң доллар кошумча каражат кошууга тийиш. Насыя жеңилдетилген мөөнөттө 1 пайыз, андан кийин 1,5 пайыз үстөгү менен берилүүдө.

Депутаттар Түндүк-Түштүк жолу жакшы долбоор экенин белгилөө менен бирге, кийин насыялык карызды кайтарып берүүдө кыйынчылыктар болор-болбосуна кызыгышты. Каржы министрлигинин өкүлү бул багытта алдынала атайын талдоолор жүргүзүлгөндүктөн, тынчсызданууга азырынча негиз жок экенин белгиледи. Ал Кыргызстан насыянын үстөк пайызы үчүн 18,1 млн доллар кошумча каражат төлөй турганын кошумчалады.

Булак: "Факты.kg"

 

 

Последние новости