www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков Жогорку Кеңешти «чимкирик» деп атаган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 8-июнда айткан сөзүнө жооп катары бир нече мисалдарды келтирип, ачуу сын-пикирлерди ортого таштады. Бүгүнкү айтылган Жогорку Кеңеште мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана Атамбаевдин оозунан түшпөй айтылып келе жаткан айтылуу Райымбек Матраимов тууралуу коомчулуктун пикирин угууну туура көрдүк. Анда кеп кезеги Нарын облусунун тургуну, активист Урматбек Акуновдо.

--Саламатсызбы Урмат мырза, бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Атамбаев жана Матраимов тууралуу оюн ортого таштады. Сиздин пикир кандай?

--Дастан Жумабеков, ушул сапар өз оюн таамай айта алды. Чыны менен депутаттарды эл шайлаган. Ал кишинин эл өкүлдөрүн “чимкирик” деп айтканга эч кандай акысы жок. Мүмкүн бул кишини ар кимдер, “алкаш”, “Ал-мас”, “шизик” деп ар кандай сөздөрдү айта бергенге жат сөз сыяктуу го деймин. Атамбаевге мындайча айтканда эшек минген жарашат экен да. Ошондуктан ушул кишинин убагында эшек бизнеси күч алып, эшектер сыйга татыды. Чын эле кыргыз эли сабырдуу калк экенбиз, таластыктарды койго теңеп, нарындыктарды мала теңеген Атамбаевди президент кылып 6 жыл жүрдүк. 

--Дастан Жумабековдун айткандары чындыкка дал келеби?

--Албетте, чындыкка дал келмектен, коёндор чээнден чыкты. Атамбаев, чын эле өз оозуна ээ боло албай, оозуна келгенди оттоп, мурдуна келгенди жыттап, туш келген аткаминерлерди жапайы чочкодой челип жатканы өкүнүчтүү. Атамбаевдин бул жерде 8-июнда айткан сөзүндө эч кандай мамлекеттик кызыкчылык жок. Ал эптеп эле өз кызыкчылыгы үчүн төңкөрүш жасап, кайрадан бийликке келгиси келип жатат. Дастан Жумабековго айткан турбайбы “10 миң киши менен Ак үйдү басып аламын” деп коркутканы ишке ашпайт. Парламенттти Икрам, Туйгунаалы, Атамбаев өздөрү чын жүрөгү менен абйирине эмес, акчасына карап тандаган. Эми Атамбаев кааласа Ак үйдү эмес, 120 депутаттын үйүнө барып жатып алсын. Бекболот Талгарбеков менен Кубанычбек Кадырбеков айткандай Атамбаевди тез арада психикалык ооруканага жаткырып даарылатыш керек.

--Баса, төрага андан сырткары мурдагы президент Атамбаевдин Матраимовдор тууралуу пикирине токтолду.

--Алмазбек Атамбаевди түшүнүү өтө кыйын. Ошол Райым Матраимов менен Жээнбеков эмес, Атамбаев өзү кызматташкан да. Тойгондон кийин токтунун эти топурак кылып жатат. Бул жерде Атамбаев ич күйдүлүк кылып, Матраимовду Жээнбековдон кызганып жатканы билинип эле калды. Бүгүн, Дастан Жумабеков:-8-июлда мурдагы президент Атамбаев дагы айтып чыкты. Мен мамлекетти минтип коемун, төрага баш болуп Матраимовдун тоюна барат. Мен токтолуп кетейин. Алмазбек Шаршенович, ал той быйыл эле өткөн жок. Ал тойго быйыл эле төрага же депутаттардын тобу барып калган жок. Сиз архивге айланып карап коюңуз. Сиздин убагыңызда сиздин жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз, ошол  кездеги премьер-министр Темир Сариев ошол тойдо сиздин белектерди тапшырып жүргөн. Ошол убакта сизге жакын депутаттар ошол тойдун көркү, төрдүн ээси болушкан. Мен ойлоймун алар ошол элди сыйлап, ошол элге кызмат кылган үй-бүлөөнү сыйлап, аларга жакшы сөзүн айтты. Мен ага эч кандай шилтеме бере албаймын. Бүгүн биз тойго барып калсак, “чимкирик” депутаттар менен бөжөңдөп төрага жүрөт” дейт. Ошол Кара-Суу элинин артынан, ошол Матраимовдордун артынан Сиз партияңыз үчүн убагында 40 миңдеген 50 миңдеген 100 миңдеген добуш албадыңызбы? Өзүңүздүн президенттик шайлооңузга добуш албадыңызбы? Анда ал чындык гана?! Алмазбек Шаршенович ошол чындыкты эмне үчүн айткан жоксуз? Бүгүн эмнени айтып, эмне менен күрөшүп жатасыз? Сиздин күрөшүңүз бизге купуя болуп атат, ачыгын айтып чыгыңыз?!-деди төрага. Эми Атамбаев эр болсо ачыгын айтып чыксын.  Бирок, Атамбаев шымын чечип алып ойногон жаш баладай болуп жатат. Бул жерде Атамбаевдин кеңешчилери ботко кылса, жөкөрлөрү от жагып турат. Бир күнү ал от өчөт, “Форум” көчөт. Анткени Атамбаев чын эле ашыкча кетти.

--Президент Жээнбековдун адресине сын-пикирлерди айтып салды...

--Мурдагы президент деген макамдан го айрылды, бирок факты мурдагы президент да, уят... Ал эми Атамбаев, Райым Матраимовдун каны менен колун боёгонго даярдана баштады, Матраимовдор сак болушу керек. Атамбаев өкмөт башчы болуп турганда атам Бектемир Акуновду өлтүрүп, 8 баланы жетим калтырган. 

Эске сала кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин эл өкүлдөрүн бир нече жолу “чимкириктер” деп атаса, Атамбаев 8-июлда учурда кызуу талкууга алынып жаткан Райымбек Матраимовдун өмүрү тууралуу жагымсыз пикирди жар салды. Аталган пикир эмне себептен айтылды, жооп издеген макала NazarNews.kg маалымат агенттигинен жакында жарык көрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости