www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Азыр көпчүлүк саясатчылар Сооронбай Жээнбеков өзүнүн командасын түзө алган жок, эски команда менен иштеп келатат, ошон үчүн өзү гана аракет кылып, арабаны жалгыз тартууда деген ойду карманышууда. Бул ак сөз. Чындыгында эле Жээнбековдун жан үрөп иштеп берчү командасы түзүлбөй калган. Жаңыдан такка олтурганда мурунку "шефтин" командасы тегерегин курчап турган. Эки дос эки ача жолго түшкөндө кээ бир кишилерди алмаштырганга үлгүргөн. Азыр кимдин иштегенге кудурети жетери, ким мажирөө экени даана көрүнүп, чекесинен жыдып баштады.

Жээнбеков ушундай шартты жеке өзү үчүн да, мамлекет үчүн да жакшы жакка бурууга ыңгайы келип турат. Жыдыган, элдин итиркейин келтирген боккурсак жетекчилерди түгөл айдап, ордуна иштей турган, күн карама эмес, өзүнүн көз карашы бар адамдарды тартса утмак. Кытайлар кризисти жөн жерден "Кризис - не конец, а начало" дешпейт. Жээнбеков дагы жаңы бүгүнкү кадр кризисин жаңы башталышка бурушу керек.

Булак: "Жаңы Ордо"

 

Последние новости