www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыязы, БААУнун президенти Эндрю Кучинске байланыштуу окуя билим берүү мекемесинин чегинен чыкпаса керек. Аталган университеттин жетекчисинин үстүнөн арыз буга чейин келип түшкөнүнө карабастан, университеттин администрациясы дагы, камкорчулар кеңеши дагы комментарий берүүдөн баш тартып жатышат.

Бүгүнкү күндө VB.KGнин редакциясынан бул иш боюнча таптакыр эч нерсе жазбоону суранып, бир нече жолу өтүнүч жасап жатканы өкүндүрөөрлүк. БААУнун окутуучуларынын жана студенттеринин позициясы таң калыштуу, алардын көпчүлүгү буга чейин аялдарга карата зомбулукка каршы митингдерге активдүү катышып келишкен. Бирок, алар бул учурда эмнегедир унчукпай, өз оюн билдирбей жатышат? Кантсе да, БААУ президенти күнөөлүү, жок дегенде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып келген.

Ошондой эле, жакында гана Бишкекте аялдардын укугун коргоп, Ички иштер министринин кызматтан кетишин талап кылган митинг уюштурган ата-мекендик бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн унчукпай отурганы да таң калтырат. Ушул эле принциптерди кармануу менен алар БААУ Президентинин кызматтан кетишин талап кылып чыгыша болмок, жок дегенде объективдүү тергөө жүргүзүүнү талап кылышмак да. Бирок, алар тарабынан булардын бири да байкалган жок. Ошондой эле, алардын бул кадамы жагымсыз окуяны жашыруу үчүн атайын жасалып жаткандай.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Борбор Азиядагы Америка Университетинин (БААУ) президенти Эндрю Кучинс кош бойлуу кызматкерге университет жөнүндө терс сүрөттөрү үчүн кыйкырып, чырдын кесепетинен кош бойлуу аял кансырай баштаган. Аялдын күйөөсү арыз менен администрацияга кайрылганы маалым болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости