www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Уу коргошунду илимдин негизинде изилдөө керек”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.
--“Азыр президент менен саламаттыкты сактоо министри Ысык-Көлдүн уу коргошунун тамырын кайнатып жатканын айтышты. Аны колдонгон туура эмес. Себеби, ал илимдин негизинде коронавируска пайдасы бар деп изилденип чыга элек. Эгер аны академиктер жыйынтык чыгарса, дарыгерлердин кеңеши менен колдонуу керек. Жөн эле чыгарып, мактап элге берген туура эмес. Андыктан президент натыйжасыз иштер менен алектенип, убактысын коротпошу керек. Аны айрым бейтаптар ичип алып ден-соолугун талкалап, же кокус каза болуп калышса эмне болот? Менин айрым тааныштарым муну жайында, былтыр коронавирус башталганда ичип көрүшкөн. Эч кандай ден-соолукка жардам берген эмес.
Медициналык изилдөөлөрдө өтө уулуу өсүмдүк, аны салттуу медицинада колдонууга жол берилбейт. Ал түгүл териге сыйпап койгондо да ал өмүргө өтө кооптуу. Тамырда борбордук нерв, дем алуу жана жүрөк-кан тамыр органдарына катуу таасир эте турган күчтүү уу бар дешүүдө. Ошондуктан уу коргошунду колдоноюн деген оюм жок”, - дейт Бекешев.
Булак: NazarNews.kg