www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Австрия дагы эле Орусиянын газына көз каранды. Бул тууралуу энергетика министри Леонор Гевесслер билдирди.

Саясатчы белгилегендей, акыркы күндөрү Евробиримдикте (ЕБ) импорттук газдын баасына чек киргизүү тууралуу көп талкуу жүрүп жатат. Ал Австрия жаратылыш газынын импортуна, атап айтканда Орусиядан көз каранды бойдон кала берээрин баса белгиледи.

«Бардык сунуштардын ичинен мен мындан ары биз талап кылынган бааны төлөбөй турган болсок, биздин өнөктөштөр Европага газды жетиштүү көлөмдө жеткирүүнү улантат деп ишенимдүү айта турган сунушту көргөн жокмун», - деп жыйынтыктады Гевесслер.

Белгилей кетсек, буга чейин Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто Евробиримдиктин Орусияга каршы санкциялары өлкөнүн энергетикалык камсыздоосуна коркунуч жаратса, Будапешт колдобой турганын билдирген. Венгрия ошондой эле өзөктүк энергетикага болгон инвестициясына коркунуч келтире турган санкцияларды эч качан колдобойт, деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости