www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда полиция тарабынан кармалган 22 жаштагы Махса Аминин өлүмүнөн кийин нааразылык акциялары 15-күндөн бери уланууда.

"Ирандагы адам укуктары" укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, эки жумалык демонстрацияларда кеминде 83 киши набыт болгонун Reuters агенттиги маалымдады.

Баш кеңсеси Норвегияда жайгашкан Ирандын адам укуктары уюму: "Ирандагы нааразылык акцияларында кеминде 83 адам, анын ичинде балдар каза болгону тастыкталды", - деп билдирди.

Мамлекеттик телеканал полиция көп сандаган “тополоңчуларды” кармаганын кабарлады, бирок алардын санын айткан жок. Укук коргоочу уюмдар ондогон активисттер, студенттер жана артисттер кармалганын, журналисттерди коргоо комитетинин маалыматы боюнча, кеминде 28 журналист камакка алынганын кабарлашууда.

Биринчи нааразылык акциясы аны 17-сентябрда Сакесте акыркы сапарга узатуу зыйнаты өткөндөн кийин болуп, ошол эле маалда аялдардын хиджабын жулуп жатканы тууралуу алгачкы видеолор пайда болгон.Ушундай эле демонстрациялар андан кийин өлкөнүн күрттөр жашаган түндүк-батышында жана Тегеранда дагы болду. Бир нече күндүн ичинде баш аламандыктар ондогон башка шаарларга да жайылып, акыркы жылдардагы Иран бийлиги үчүн эң олуттуу чакырыкка айланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости