www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөр боюнча ыктыярдуу комиссия түзүлдү

Белгилүү саясатчы жана Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровго, министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Үсенбекович Жапаровго, Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Турдумаматович Мамытовго чукул Кайрылуу жасады.

Кайрылуунун текстти төмөндө толугу менен берилет:

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Урматтуу Талант Турдумаматович!

Урматтуу Акылбек Усенбекович!

30 жылдан бери Кыргызстандын кен байлыктарындагы, анын ичинде Кумтөр алтын кениндеги талаштуу ар түрдүү пикирлер коомчулуктун арасында ар кандай талашты жаратып, Кыргызстандын саясый турмушуна таасир берип келет. Ал азыр да эң жогорку деңгээлдерде кызуу талкууланып жатат. Буга 2022-жылдын 8-сентябрында Президентибиз да аралашып: «керек десеңер коомдук комиссия түзгүлө…» - деген оюн ачык билдирди.

Кыргызстандын кен байлыктарындагы абалга, айрыкча «кыргыз коррупциясынын атасы аталган» Кумтөр алтын кениндеги, андан өндүрүлгѳн алтын ж.б. сейрек кездешүүчү металлдардын тагдырына, кейиштүү экологиялык абалына, «коррупциялык схемаларына» көп жылдардан бери, атуул катары кайдыгер карабаган төмөнкү атуулдар өз ыктыярыбыз менен, коомдук башталгычтагы атайын комиссияга бириккенибизди сиздерге расмий билдиребиз.

1. Бекназаров Азимбек - коомдук-саясый ишмер, Коомдук Комиссиянын төрагасы;

2. Исабеков Кубанычбек - ЖКнын экс-вице-спикери, Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн комиссиялардын мүчөсү, (2006-2009-ж.ж.), Коомдук Комиссиянын төрагасынын орун басары;

3. Дырылдаев Рамазан - коомдук-саясый ишмер, 1993-жылы түзүлгөн Парламенттик «Алтын» Комиссиянын мүчөсү;

4. Абдирасулов Гани - экономист, 2012-жылы Кумтөр боюнча түзүлгөн Парламенттик Комиссиянын эксперти, Комиссиянын мүчөсү;

5. Эркинбаев Данияр – юрист, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн аппараты, укуктук экспертиза бөлүмүнүн жетекчиси (2018-2019ж.), Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директору (2019-2020ж.)  Комиссиянын мүчөсү;

6. Акматов Айданбек - журналист, көп жылдан бери Кумтөр маселесин изилдөөчү, Комиссиянын мүчөсү;

7. Бузурманкулов Айбек - Талас Облусунун мурунку Губернатору, «Жер үй» элдик комиссиясынын мурунку төрагасы.

Кумтөр алтын кенинин айланасындагы болуп жаткан «талаштуу» маселелер боюнча ыктыярдуу түзүлгөн бул Комиссиянын максаты, маселени ар тараптуу, көз карандысыз иликтөө, коомчулукка адилеттүү маалыматты берүү болуп эсептелет.

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Урматтуу Талант Турдумаматович!

Урматтуу Акылбек Усенбекович!

Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген (2-б.2-п. жана 37- б. 4- 5- б.б.) жарандардын маалымат алуу укуктарына ылайык, бүгүндөн тартып биздин Кумтөр алтын кени ж.б. кен байлыктарга байланыштуу иликтѳѳбүзгѳ тийиштүү расмий документтерди алуу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрыларыбызды маалымдайбыз. Ага сиздерден ар тараптуу жардам берүүңүздөрдү суранабыз!

Ошондой эле, Кыргызстандын башка жарандарын бул маселеде ѳз ара кызматташууну каалаган жана жардам бергиси келген атуулдар үчүн ар дайым эшигибиз ачык экенин билдиребиз.

Урматым менен «Кумтөр алтын кени» боюнча ыктыярдуу түзүлгөн Коомдук Комиссиянын төрагасы Азимбек Бекназаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости