www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каржы пирамидасын уюштурууга шериктеш болгон деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча, эки аял WhatsApp аркылуу «Ийгилик», «Оомат», «Акча салмай», «Береке», «Алтын ынтымак» топторун түзүшкөн. Бул топтор негизинен пенсионерлерден турган. Администраторлор аларга акчаны кыска убакыттын ичинде эки эсеге көбөйтүүгө убада беришкен. Буга ишенген катышуучулар аялдардын электрондук капчыктарына акча салып, бирок убада кылынган кирешеге ээ болушкан эмес.

16-августта алдангандардын бири милицияга кайрылып, Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси («Финансылык пирамидаларды уюштуруу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Алгач 1985-жылы туулган Ж.А., ал эми бир күн мурун Чүй ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан дагы бир фигурант 1983-жылы туулган С.Г. кармалып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция кылмышка шектүүнүн аракетинен жапа чеккендердин бардыгын 0 (3134) 5-33-80, 0 (312) 60-75-67 телефон номурларына билдирүүнү өтүнөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости