www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-сентябрда Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Гуля Кожокулова («Бүтүн Кыргызстан») менен Нилуфар Алимжанованын («Альянс») билдирүүсүнө жооп берди.

Жогорку Кеңештин жыйынында Сокулук районунун Селекционное айылындагы зордук-зомбулукка байланыштуу жабырлануучу мурда дагы милицияга кайрылып, бирок укук коргоо кызматкерлери реакциясыз калтырган деп айыпташкан.

"Сокулук районунун Селекционное айылында болгон окуяга милициянын реакциясы өз убагында болуп, болгон окуядан да оор боло турчу кесепеттерге жол бербеди. 

Окуя боюнча маалымат жабырлануучунун кошунасынан саат 07:00дө келип түшкөн, жабырлануучунун батиринде шектүү ызы-чуу салып жатканын билдирген.

Сокулук РИИБинин эки милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү саат 07:15те окуя болгон жерге келип, батирдин ичи кан болуп жатканын көрүшүп, куралдуу каршылык көрсөткөн шектүүнү кармашкан. Андан соң милиция кызматкерлери Кун-Туу айылдык милиция бөлүмчөсүнө алып барышып, тез жардам кызматына кабарлашкан.

Шектүүнү айылдык бөлүмчөгө жеткирип, кайра окуя болгон жерге келишкенде тез жардам келе электигин билип, кызматтык унаа менен жабырлануучунун кесилген органдарынын бөлүктөрүн муз салынган пакетке салып, өздөрү менен кошо ооруканага жеткиришкен. 

Учурда кылмыш жасаган адам Сокулук РИИБинин тергөө органдары тарабынан кармалып, шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

2022-жылдын сентябрь айында жабырлануучу 1987-жылы туулган Н.А. Сокулук РИИБке арыз менен кайрылып, мурдагы жолдошу Э.А. 31-август күнү  Селекционное айылында кармап алып, күч колдонуп зордуктаганын билдирген. Бул факты боюнча 2022-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 154-беренеси (зордуктоо)  менен кылмыш иши козголуп, 1984-жылы туулган Э.А. камалып, айыбы угузулуп, бөгөт кою чарасы камака алуу түрү тандалып, соттук кароого жөнөтүлгөн. Соттук кароодо жабырлануучу тосмо арыз менен кайрылганына байлыныштуу кылмыш иши сотто кыскартылган.

Андан сырткары 2023-жылдын 31-январында Н.А. кайрадан арыз менен кайрылып, мурдагы жолдошу Э.А. ошол эле Селекция айылындагы жабырлануучунун үйүндө күч колдонуп дагы зордуктаганын билдирген. 

2023-жылы 31-январь күнү Сокулук РИИБдин тергөө кызматында аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 154-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле 31-январь күнү А.Э. Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-97 беренелеринин негизинде кармалып, айыбы угузулуп,  бөгөт коюу чарасы камакка алуу чарасы колдонулуп, Сокулук райондук сотуна соттук кароого жөнөтүлгөн. Соттук кароодо Сокулук райондук сотто  А.Э. карата пробациялык көзөмөлгө алуу боюнча өкүм чыгарган. Ал өкүмгө наарызы болгон айыпталуучу А.Э. Чүй облустук сотко даттанган. 

Учурда ал кылмыш иши боюнча соттук кароо жүрүп жатат", - делет маалыматта. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости