www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов азык-түлүк коопсуздугу боюнча базарда ундун баасы кескин кымбаттаганын айтып, өкмөттү сынга алды.
Бул тууралуу: “Өкмөт, министрликтер кыштан кантип чыгуу боюнча план коюш керек. Казакстанга сууну каалагандай бердик. Ошентип жатып азыр суудан же ундан жок болуп атат. Күз башталбай жатып, бир кап ун миң сомго кымбаттады. Биз буга чейин азык-түлүк кымбаттап жатканын айтып келгенбиз. Элден кантип акча жыйнашты билебиз, аларды кантип багышты билбейбиз. Пенсиясына 500 сом кошконубуз менен унга эле бир күндө миң сом кошулуп жатпайбы”, - деди Икрамов.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдө буудай тартыштыгы жок экенин, казак уну темир жолдогу сезондук тыгындан улам кымбаттап жатканын айткан.
Кыргызстан буудайды негизинен Казакстан менен Россиядан алып келет. Мурда эки өлкөнүн буудай импортундагы үлүшү дээрлик теңме-тең болчу, Россиядан 55%, Казакстандан 45% келчү. 2022-жылы бул көрсөткүч кескин өзгөрүп, Россия 97%, Казакстан 3% үлүшкө ээ болгон.
Булак: NazarNews.kg