www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Башкы прокуратурасы кыргызстандык кесиптештеринин кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Ч.А. аттуу жаранды өткөрүп берүү өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу РФтин көзөмөл органы кабарлады.

Кылмыш ишинин материалында аял 2020-2021-жылдары "Финико" (Finiko) компаниясы деген аталыш менен каржы пирамидасын түзүп иштеген кылмыштуу топтун ишине аралашкан деп айыпталууда.

"Шектүү компаниянын аймактагы жетекчиси жана өкүлү катары иштеген. Бул мезгил аралыгында аталган топ Кыргызстандын аймагында 100дөн ашуун кишинин 1,2 миллион долларына жана 5,7 миллион сомуна ээ болгон. Мындан тышкары, шектүү аял дагы эки адамдын ири көлөмдөгү акчасын уурдап алган", — деп айтылат кабарда.

Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, шектүүгө карата сот камакка алуу чечимин чыгарып, аял издөөгө алынган. РФ мыйзамына ылайык, айыпталуучунун аракеттери кылмыштуу болуп саналып, Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 201 ("Кылмыштуу топтун ишине катышуу") жана 159-беренесине ("Алдамчылык") туура келет.

"Шектүүнү издеп таап жана өткөрүп берүү Кыргызстан менен Россиянын прокуратураларынын тыгыз кызматташуусунун негизинде ишке ашты. Өкүм күчүнө кирип, мындан улам Жаза аткаруу федералдык кызматы Ч.А. аттуу айыпталуучуну өткөрүп берди", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандын ИИМи "Финикого" байланыштуу 141 кылмыш иши тергелип жатканын кабарлаган. Материалдык зыян бир нече миллиондоп саналат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости