www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары “Казакстан Республикасынын айрым мыйзам актыларына Улуттук фонддон балдарга төлөмдөрдү төлөө маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл алышты. Бул тууралуу Orda.kz. сайты жазып чыкты.

Ал ошондой эле “Улуттук жыргалчылык фонду жөнүндө” мыйзамга Назарбаевди Фондду башкаруу кеңешинин мүчөлүгүнөн чыгара турган түзөтүүлөрдү камтыйт.

Депутат Берик Бейсенгалиев бул түзөтүүлөр эмне үчүн кабыл алынганын төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

«Самрук-Казына фондун башкаруу боюнча кеңеш бар. Ошол эле учурда директорлор кеңеши, башкаруу кеңеши бар. Фондду башкаруу кеңеши Директорлор кеңешинин функцияларын кайталайт. Ошондуктан биз Фондду башкаруу кеңешин жоюуну чечтик. Директорлор кеңеши калды, анда Назарбаев жок”, - деген ал.

Мунун баары Казакстанда биринчи президент жөнүндөгү мыйзам күчүн жоготту деген негизде болуп жатканын белгиледи. Ошондуктан азыр Назарбаевди методикалык түрдө бардык статустардан жана кызматтардан ажыратып жатышат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости