www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку күйөөсү тарабынан мурду, кулагы кесилген 36 жаштагы Аселдин апасы Тинатин Катаганова президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жардам сурап кайрылды. Окуянын чоо-жайы тууралуу жабырлануучунун апасы NazarNews маалымат агенттигине маек берди.

Эске салсак, 20-сентябрда Сокулук районунун Селекция айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 36 жаштагы аялды 39 жаштагы мурунку күйөөсү кулагын, мурдун кесип салган. Буга чейин деле үй-бүлөлүк зомбулук болуп келгени айтылат. Шектүү мурда соттолгон. 

Аталган факт Сокулук районунун ички иштер бөлүмүндө катталып, Кыргыз республикасынын КЖКнын 130-беренеси (денеге оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Бул окуя боюнча кылмышка шектүү болуп 1984-жылы туулган Э.А. аттуу жаран кармалып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Жабырлануучуга 8 саатка созулган операция жасалып, операциядан кийинки абалы орточо оор деп бааланууда. Жабырлануучу жандандыруу бөлүмүнөн жаак-бет хирургия бөлүмүнө которулуп, дарыгерлердин көзөмөлүндө.  

Жабырлануучу аялдын ооруканада түшкөн сүрөтүн анын эжеси социалдык тармактарга жарыялаган.

Жабырлануучуга жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизит:

MBANK: 0500 - 20 - 25 - 93.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости