www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурунку күйөөсү кулагын, мурдун кесип салган Сокулук районунун Селекция айылынын 1987-жылы туулган Н.А. аттуу тургунуна 8 саатка созулган операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирет.
Оорулуунун операциядан кийинки абалы орточо оор деп бааланууда. Бейтапка Улуттук госпиталдын хирургдары жана микрохирургдары операция жасашкан. Жабырлануучу жандандыруу бөлүмүнөн жаак-бет хирургия бөлүмүнө которулуп, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Саламаттыкты сактоо министрлиги анын органдарын сактап калуу мүмкүн болдубу же жокпу так жооп беришкен жок.
Эске салсак, 20-сентябрда Сокулук районунун Селекция айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 36 жаштагы аялды 39 жаштагы мурунку күйөөсү кулагын, мурдун кесип салган. Буга чейин деле үй-бүлөлүк зомбулук болуп келгени айтылат. Шектүү мурда соттолгон.
Аталган факт Сокулук районунун ички иштер бөлүмүндө катталып, Кыргыз республикасынын КЖКнын 130-беренеси (денеге оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Бул окуя боюнча кылмышка шектүү болуп 1984-жылы туулган Э.А. аттуу жаран кармалып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Булак: NazarNews.kg