www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Украина чатагын тынчтык жолу менен жөнгө салуу процессин Россия чабуулун ийгилик менен аяктап, Путин жамааттык Батышты жеңгендигин жар сала электе башташы керектиги, кийин Америка башында турган НАТО жеңилип уят болушарын эксперттер айтышууда.
"Эгерде россиялык аскерлер Москва максаты катары мурда белгилеп койгон Украинанын аймактарына чейин тереңдеп кирип барса, анда чатак Россиянын маанилүү болгон жеңиши менен аяктайт. АКШ менен НАТО альянсынын беделине болуп көрбөгөндөй доо кетет. Себеби украиналык куралдуу күчтөрдүн колунда НАТОнун курал-жарагы турат. Ал эми Россия Батышка жалгыз өзү туруштук берип, жеңип алганын айтат", — дешти эксперттер.
Ырасында, НАТО Украина маселесинде президент Владимир Путиндин ар бир кадамы, айткан-дегени туура чыккан учурга кептелгенин, АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы чалгынчысы Тони Шаффер белгилеп, дүйнө альянсты көп учурда планетанын көп жеринде согуш отун жаккан агрессор катары караарын айтты.
Булак: NazarNews.kg