www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист Азамат Дүйшөнбай уулу маданият министрине Кайрылуу жасады.
Текст төмөндө толугу менен:
"Урматтуу маданият министри! Фонограмма менен ырдоону тыйганыңыз эртелик кылыптыр. Биринчи фонограммасы жок ырдай ала турган муунду тарбиялай турган система түзбөйсүзбү? Райондун борборлорундагы Балдар чыгармачыл борборлорун таланттуу балдарды тарбиялай тургудай кылып талапты күчөтүңүз. Билем, ал мекемелер Билим берүү министрлигине карайт. Бирок чыгармачылык борборлор болгондон кийин Билим берүү министри менен иш алып барыңыз.
Бүгүнкү күндө 1-Май райондук Балдар чыгармачыл борборунан башка чыгармачыл борборлор өз миссиясын аткарбайт. Жөн эле айлык алгандар толтура. Мага ишенбесеңиз сизге жакын эле Султан Ибраимов (мурунку Правда) менен Жумабек көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан Свердлов райондук Балдар чыгармачыл борборунун бир жылдык ишине көз чаптырыңызчы. Андан көңүлдөнүп кетсеңиз Аламүдүн райондук чыгармачыл борборуна келип, 53 айылдан канча бала таптаганын сураңыз. Андан көңүлдөнүп таланттуу балдар чыксын десеңиз мектептерде музыка сабагын кимдер берип жатыптыр карап коюңуз. Ушуларды аткараарыңызга деле ишенбейм. Министрлик бирөөнүн жазган чыгармасына режиссерлук кылуудай иш эмес. Ошо каарманды өзү жаратчу кызмат.
Мен ичинен түшүнгөн тармакты айтып тил тешилген. Ушу балдарыбыздын келечеги үчүн премьер өзү киришип, Балдар чыгармачыл борборлорундагы, мектептердеги музыка, сүрөт, дене тарбия мугалимдерин өз адистери иштегидей кылбаса келечек муундун тагдыры кыйын болчудай.
Эске сала кетсек, буга чейин маданият министри фонограмма менен ырдоого тыюу салган.
Булак: NazarNews.kg