www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков 2021-жылы мамлекет башчысынан жана министрлер кабинетинин төрагасынан 20 эсе көп киреше тапкан. Бул тууралуу салык декларациясында айтылат.

Таалатбек Масадыков өткөн жылы 22 миллион 716 миң 362 сом киреше тапканын баса белгиледи. Ошондой эле ал жашаган үйдүн жери, 0,3 гектар аянтты ээлейт.

Президенттин өкүлү башка маалымат берген жок.

Ошондой эле, Таалатбек Масадыковдун эң жакын туугандарынын кирешеси жана мүлкү тууралуу маалымат жок.

Эске салсак, Таалатбек Масадыков 2021-жылы Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Ошону менен бирге белгилей кетсек, салык декларациясына ылайык, мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун кирешеси 997 миң 803 сомду, ал эми министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун кирешеси 1 миллион 471 сомду түзгөн, бул Таалатбек Масадыковдукунан 20 эсеге аз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости