www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон сапарына түрдүү сындар, көз караштар айтылууда. Сиздин пикириңиз кандай?

- 22-июнда талибдер түндүк Афганистанга атака кылып, кай бир райондорун басып алышкан. Өзгөчө ошол Тажикстан менен Афганистандын ортосундагы чек ара постторун, башкача айтканда, эки постту басып алышкан. Ошол эки пост аркылуу Индиядан, Пакистандан, Ирандан ж.б өлкөлөрдөн товарлар келчү. Эми ошол товарлар өтпөй калды.

Демек, Тажикстан өзүнчө бир блокадада калып калды. Себеби түштүк жагынан Афганистан менен чек арасы талибандардын себебинен жабылып калса, түндүк жагынан Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда 28-29-апрелдеги окуянын себебинен Кыргызстан тарап жаап салды. Биз эч нерсе өткөрбөй жатабыз.

Ошон үчүн Тажикстан азыр оор экономикалык абалдын алдында турат. Өзбекстан менен келишимге келишип, алар аркылуу товарларды Казакстан, Россия ж.б. өлкөлөрдөн алып турабыз деген ойдо болушкан. Бирок буга убакыт керек. Өзбекстан эчак эле Ислам Каримовдун убагында чек араларын бекемдеп алышкан.

Азыр ачса деле Россия ага кызыкдар эмес. Себеби, Өзбекстан ЖККУнун да, ЕАЭБдин да мүчөсү эмес. Эгер товарлары Өзбекстан аркылуу өтүп калса, Өзбекстандын Борбор Азиядагы ролу дагы кеңейет. Тажикстан аларга көз каранды болуп калат. Ошон үчүн 18-июнда Кремлден Дмитрий Козак Кыргызстанга келип, Садыр Жапаров менен жолукту.

Расмий маалымат беришкен жок. Эмне себеп менен келгени айтылган жок. Бирок мунун себеби, Кыргызстан чек арасын ачсын деген маселе менен келди деп ойлойм. Садыр Жапаров менен Дмитрий Козак жолуккандан кийин эки күндөн кийин эле «Тажикстанга барам» деп жарыялады.

Себеби, Рахмон менен жолугуп, андан кийин Кыргызстан чек араны ачат болуш керек деген ойдомун. Сапардын себеби менин божомолумда ушундай.

Булак: Азия News гезити

Последние новости