www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдин айлыгын  карактоонун Жапаровдук жаңы методу

Акылбек Жапаровдун билбегени жок. Кумурсканын буту сынса да Жапаров туят, бирок боору оорубайт, ким бийликте болсо, ошого ийилип кошомат айтып, өз жанын сактайт. Акаевдин убагында акча жыйнап алтынга айланды, Бакиевдин убагында минфин болуп, каухарга айланды, Отунбаева убагында Конгантиевди салып берип, өзү Таластан жоолук салынып  аман чыкты, Атамбаевдин убагында минфин болуп, бекемдиги алмазга айланды. Жээнбековдун учурунда куда болом деп жүрүп жактырбай койгон Асылбек Жээнбековду Кумтөргө шылтоолоп каматып жатат. Жапаровдун убагында минфин болуп, бриллиантка айланып, эң биринчи эптеп күн көрүп жаткандардын айлыгынан карматмай болду. Азыр орто эсеп менен 20 миң сом алат болушубуз керек. Мисалы, Жапаров сыяктуулар миллион алышат, пенсионерлер 3 миң, журналисттер 5-6 миң анан орто эсеп менен 20 миң болот да. Балким, Кытайдан ун алып келип жаткан Жапаров  Кытайдын вакцинасын сайдыргыла деп рекламалап жаткандыр? Азыр коронавируска каршы ийне сайдырбагандар айлыгынан төлөсүн деген Акылбек Жапаровдун доктринасы чыкты. Эң биринчиден, былтыр вакцина жок элдин психологиялык абалы нөлгө түшүп калган. Вакцина табылып бекер сайылган жатса, ким барып сайдырбасын. Жакында Кытайдын вакцинасы келет экен, ага көп киши ишенбейт, ошол үчүн өзүбүздүкү казактардай жок болгон соң башкалардыкын сайдырабыз.  

Коронавирус коркунучтары вакциналар чыккан соң күчөдүбү?

Коронавирустук вакцинаны алгандан кийин - ысытма, жүрөк айлануу жана башка белгилер улгайган адамдарда жана ден-соолугу начар адамдарда өлүмгө алып келиши мүмкүн. "Спутник V" вакцинасына буюртма берген  Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө үч баскычта жүргүзүлөт. Биринчи өкмөттүн жана донордук уюмдардын каржылык колдоосунда медицина кызматкерлери эмделет. Экинчи баскычта COVAX программасынын алкагында эмдөө жүрүп, ага оору жугуп калуу коркунучу жогору саналган тобокелдик тобундагылар, калктын социалдык аярлуу катмары кирет.

Үчүнчү баскычта мамлекеттик жана донордук уюмдардын эсебинен жарандарды эмдөө улантылат. Эмдөөнүн биринчи жана үчүнчү баскычында 371 953 адамга вакцина сайылат, ага 226 млн. сом коротулат. Экинчисинде COVAX программасы - вакциналар жана эмдөө боюнча глобалдык альянстын алкагында 1 млн 200 миң адам эмделет. Ал үчүн глобалдык альянс 9 вакцинаны Кыргызстанга сунуш кылган, кыргыз өкмөтү алардын арасынан ылайыктуусун тандап алууга тийиш. Өлкөдө эмдөө иштери болжол менен 1-июндан башталды.

2020- жылы бүткүл дүйнөлүк пандемия күч алып, Кыргызстанга да карантин киргенде, маалыматтар ушул дарт тууралуу кан-какшап, кээ бир адамдардын ындыны өчө баштаган. Былтыркы жылга караганда тездик менен дүйнөнүн кээ бир мамлекеттери коронавируска каршы эмдей турган вакциналарды таап, көпчүлүктүн үмүтүн алоолонтуп турат. Ооба, эми деле коронавирус биротоло элди таштап кетип калган жок. Бул оору биротоло чыгып кетпей, COVID-19 дан соң коронавирустун SARS-CoV-2 деген түрү катталып, бул дарт экинчи толкунун, үчүнчү толкунун көрсөтүп жатат.

 «Спутник V» орус вакцинасы

Бул вакцина 2020-жылдын 11-августунда катталган. Бүгүнкү күнү дүйнө жүзүнө кеңири тарап жаткан вакцина «Спутник V» болуп эсептелет. Орусиянын президенти Владимир Путин башкаларга үлгү болуу үчүн бул вакцина менен эмделди. Дүйнөдө элүүдөн ашык мамлекет "Спутник V" вакцинасын колдонуу чечимин чыгарган. Анын ичинде Кыргызстан да бар. "Спутник V" вакцинасын оңой менен бир нерсени жактырбаган европалыктардын  тездик менен жактырышып "орус рулеткасына" салыштырышы чоң үмүттөрдү пайда кылып турат. Негизи эле Европа  орусиялык препаратка кызыгуусун жашырган жок. Европа биримдигинин мамлекеттери  медикаменттин европалык рынокко чыгарышпай Дары-дармек боюнча европалык агенттиктин уруксатын алганча күтөт. Бир гана дурус эмес жагдай медицина да саясатка байланып алган, Дары-дармек боюнча европалык агенттиктин жетекчилери саясий көз караштары боюнча эки анжы болуп турат. Анткени бул препарат канчалык деңгээлде жакшы болгону менен бул препаратты АКШнын саясий атаандашы Орусия жасап чыгарып жатпайбы?

Канткен күндө да Брюсселдин вакцина жаатындагы көйгөйлөрү көбөйүп баратканын эске алсак, кылдат ойлонулган, учурдун идеологияларына толук туура келген европалык пландарынын таш-талканы чыгарышып кээ бир саясатчылар "Спутник V" вакцинасын колдонууга чакыра баштады. Орусиялык жана башка өзүнө "ылайык эмес" препараттарды жаратпай коюу боюнча борборлоштурулган жол-жобонун ордуна Дары-дармек боюнча европалык агенттик "Спутник V" вакцинасын сертификациялоо үчүн экспертиза процессин баштоого мажбур.

Болгондо да аталган препараттын Германия башында турган таасирдүү колдоочу топ бар. Европа биримдигинде эмдөө жагдайы ушунчалык татаал, ошондуктан Европа комиссиясы Брюсселдин уруксаты болбогон өндүрүшчүлөрдөн да препаратты өлкөлөрдүн өз алдынча сатып алуу укугун тааныды. Ал эми маалымат каражаттары "Европанын чордонунда Путиндин пропагандалык ийгилиги" тууралуу гана эмес, европалык стратегиянын кемчиликтери жөнүндө да ачык эле жаза башташты.

Коронавирустан өлүм саны боюнча дүйнөдө биринчи сапка чыккан Сан-Марино деген мамлекет орусиялык "Спутник V" вакцинасын биринчилерден болуп каттаган себебин жазып чыкты. Пандемиядан катуу жабыркаган өлкө бийлиги ЕБдин борборлоштурулган каналдары аркылуу вакцина алуу аракетинде Брюсселдин бардык каалгаларын каккылаган. Майнап чыккан эмес. "Ошондуктан биз Орусия Федерациясына кайрылып, ушундай жол менен "Спутник V" вакцинасын алууга жетиштик" дешет.

Ушундай эле дагы бир мисал – Италиянын активдүү аракеттери. Бир нече апта мурун ЕБде вакцинаны экпорттоого бөгөт коюуга жол берген механизм киргизилди. Италиялыктар бул процедураны алкачкылардан болуп колдонуп отурат. Австралияга италиялык Ананьи шаарындагы ишканада өндүрүлгөн өз препаратынан 250 миң ченемди жөнөткөн. Ошону менен бирге эле Австралияда COVID-19 жагдайы Европага караганда кыйла дурус, илдет жуктургандардын саны салыштырмалуу төмөн. Италиялык активдүүлүк муну менен чектелбеди. Эки күн мурун Орусиялык түз инвестициялар фонду менен Adienne Pharma&Biotech компаниясы "Спутник V" вакцинасын Италияда өндүрүү боюнча макулдашууга кол коюшту. Бул Европада ушундай өңүттөгү биринчи документ болуп калды.

Sinopharm  кытай вакцинасы

Кытайда даярдалып жаткан бул вакцина менен кытайлык миллиондогон адамдар эмделишти. Бириккен Араб эмираты 3 миллион дозага буюртма беришкен. Пакистан, Бахрейн 1 жарым миллион дозага. Бирок Пакистандын премьер-министри Имран Хан бул  вакцинаны алган соң коронавирус менен ооруп калганын маалымат билдирген. Учурда Кытай Ухан шаарында Sinopharmдын түгөйү Sinovac даярдалып  жатат. Кытай 300 миллион доза иштетүүгө аракет кылып жатат. Анткени Сингапур, Түркия, Бразилия, Чили жана Индонезия сыяктуу мамлекеттер буюртма беришкен.

Швед-англиялык Oxford AstraZeneca вакцинасы

Oxford университетинде швециялык жана британиялык окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан. Бул вакцина Улуу Британияда, Индияда, Аргентинада колдонулуп жатат. Италиянын ушул айда AstraZeneca технологиясы боюнча өз өндүрүшүн ачууга чейин колундагы 300 миң ченемди жеткире алат. Ошондуктан италиялык бийлик бул партияны экспорттоо өтүнүчүн жөн гана четке какты. Ал эми өлкөнүн премьер-министри Марио Драги ЕБди вакцина менен жабдуу боюнча келишимдик милдеттенмелерин аткарбаган компанияларга бир топ катаал чара көрүүгө чакырды. Бул антирейтингде AstraZeneca алдыңкы сапта турат.

Америкалык  Pfizer жана Германиянын BioNTech вакцинасы

Америкалык  Pfizer 2020 – жылдын 21-декабрында  Дары-дармек боюнча европалык агенттик тарабынан, 2020 – жылдын 31-декабрында  Бүткүл дүйнөлүк  салматтыкты сактоо уюму тарабынан колдоого алынган. Улуу Британия алгачкылардан болуп колдонуп, анын артынан Бахрейн, Сауд Арабиясы, АКШ, Канада сыяктуу мамлекеттер толук колдонууга бет алышкан. Америкалык  Pfizer жана Германиянын BioNTech компаниясы кызматташкан соң Евробиримдик булар менен 200 миллион дозага жана кошумча 100 миллион дозага контракт түзүшкөн. Ал эми 2021-жылдын январында дагы 300 миллион дозага контракт түзүштү. Америкалык  Pfizer жана Германиянын BioNTech компаниясы чыгарган вакцина 2021-жылга карата 2 миллиард дозага жеткизүүнү пландап жатышат.

Американын Pfizer компаниясы жана Германиянын BioNTech компаниясы чыгарган дары менен эмдөө Норвегияда ушул жылдын башында башталган. Норвегиянын Дары-дармек агенттиги эмдөөдөн кийин 23 адам каза болгонун билдиришкен. Ослодогу карылар үйүнүн жашоочулары биринчилерден болуп эмдөөдөн өтүштү. Жыл башында ар башка калктуу конуштарда үч адамга эмдөө жүргүзүлүп, үч адам өлүмү катталган. Учурда кырдаалды иликтөө үчүн тергөө иштери жүрүп жатат.

Америкалык  Modern вакцинасы

Өткөн жылдын декабрында АКШ, 2020-жылдын  6 январында Евробиримдик колдоого алган.  Кембриджде чыккан  Modern  2021 жылы 1 млрд доза чыгарууну көздөөдө. 200 миллион Евробиримдик, АКШ, Улуу Британия, Япония, Швейцария жана Түштүк Корея  300 миллионго, Канада 40 миллионго буюртма беришкен. 2021-жылдын 12 январынан бул препарат BioNTech/Pfizer менен катар Германияда колдонууда.

Индиянын Covaxin вакцинасы

Индиянын Bharat Biotech International компаниясы иштеп чыккан Covaxin вакцинасы. 2021-жылдын 3-январынан  AstraZeneca менен бирге Индияда колдонууда. Сынга карабай 20 млн доза сатылды.  Bharat Biotech International 700 млн доза чыгарууну көздөп жатат.  Индия пандемиядан аябай жапа чеккен мамлекет, бир жарым миллиард калкынын 150 000  миң киши в коронавирустан ажал тапкан.

"TURKOVAC" 

Бул дартка каршы Орусия, АКШ, Кытай, Индия, Европанын бир топ мамлекеттери вакцина чыгарышты эле буларга Түркия кошулуп жаңы Ковид – 19 вакцинасынын атын  "TURKOVAC"  деп атады. Ковид - 19га каршы ата мекендик вакцинанын фаза - 3 иликтөөсүнүн негизинде ыктыярдуулар менен жүргүзүлгөн эмдөө программасы президент Эрдогандын онлайн режимде катышуусу менен Анкара оорукана шаарчасында башталды.

Президент Эрдоган Түркияда эпидемиядан эртерээк куткаруу үчүн негизги нерсе өз вакцинабызга ээ болгонун сыймыктануу менен белгиледи. Бул вакцина менен бирге Түркия жаңы бир мезгилдин каалгаларын ачарын айтып, бир канча жуманын ичинде өлкөбүздөгү 18 жаштан жогору болгон жарандарыбыздын баарын эмдөөгө аларын билдирди.

Азыр Индия, Европада көптөгөн мамлекеттер өз вакцинасын чыгарды, буларга кошуна Казакстан да кошулду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости