www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Мегаком" деректири Азат Базаркулов жума соңунда үч досун чакырып буту баспай калганча "жинди суудан" ичиптир. Эки арманын улам-улам тост айткан сайын кайталап жатты дешет. Биринчи арманы Өмүрбек Текебаевге карата көрсөтмө бергеним, экинчиси Өмүрбек Бабановдун президент болуп шайланбай калганы дептир. 

60 жаш курагын куттуктап келген чоң саясатчыларды көрүп түн уйкусу жоголуп атыптыр. Жаңы жылды шылтоо кылып Өмүрбек Чиркешовичтин аялы жана балдарына белек-бекчегин дайындап жатат имиш. 

Туура! Кеч болсо дагын күнөөсүн мойнуга алыптыр. Ачыгында А.Базаркулов "Ата-Мекен" партиясынын квотасы менен "Мегакомдун" башчылыгына келген да. Ал эми партия Ө.Текебаевдин гана көрсөтмөсү аркылуу иш кылаары жалпыга маалым. 

Иттик Базаркуловдон кеткен. Себеби Текебаевди "кидать" этип, ал кездеки "шоопурдун" колтугуна кире качкан. "Шоопур" не десе ошону кылып турган. Онго жакын фирмаларды киргизип, Базаркулов менен "шоопур" беш жылда болуп көрбөгөндөй байлык топтогонго үлгүрүштү. Ушул күнгө чейин Базаркулов менен "шоопурдун" фирмалары "Мегакомдо" ишмердүүлүгүн улантып келет. 

Жаңы жыл алдында Азат Базаркуловдун маанайын чөктүрбөй туралы деп чечтик. Жакшы маанайда тосуп алсын. Чочко жылы жаңырган соң анын чочкосу чыгат чекилик. 400миң долларга батир алып аны карындашына каттатып койгонун быссмылда дегенде эле айта кетелик. Калп десе кагаз түрүндө жарыя кылалы, дареги, каалгасы кандай түстө экенин да айтабыз. Калган чогулткан акчаларын да айтабыз, албетте факт түрүндө. 

Текебаевге болгон арманын анын жанына “барып” өзү айтып берээр.

Нуржан Баймуратова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости