www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандык модел, Жаштар парламентинин депутаты Динагүл Тасова көкүрөгү көрүнгөн тор көйнөк кийип, мода көрсөткөндөн кийин зомбулукка кабылганын айтып чыкты

"Инстаграмдагы" баракчасына Тасова көрсөтмөдөн кийин социалдык тармактарда аны айыптаган, сындаган билдирүүлөр абдан көп жазылганын, мындан улам жигити аны көгала кылып токмоктоп, телефону менен компьютерин тартып алганын жазды.

Казакстандык дизайнер Дана Дуйсенбаеванын көрсөтмөсү 30-ноябрда Astana Fashion Night мода жумалыгынын алкагында өткөн.

“Сүрөттөрдөн кимдир бирөө кооз көйнөктү көрсө, айрымдары жылаңач денемди көрүп туруп алышты. Мен Казакстанда модага ушундай мамиле жасайт деп ойлогон эмесмин” - дейт модель Тасова.

Булак: "centralasian"

Последние новости