www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түп районунун Күрмөнтү айылынын тургуну сүрөтчү Кадыр Мусаев 40 жылга жакын убактан бери тери иштетип, ар турдуу буюм-тайымдарды жасап келет. Шамандык кылып, чачына канат байлап, колуна добулбас алып, кишинин рухун дарыламайы да бар. Ал ошондой эле, адамдын туулган күнү, жылына карап сандарды эсептеп, анын абалын, касиетин, тагдыр жолу айтат. Айтор, көп багыттагы талант ээсине бир нече суроо узаттык.

-Кадыр байке, бүгүн сиздин көп өнөрүңүздүн бири тууралуу гана сүйлөшөлү. Сиз таштарда табигый жазылган тамгаларды чогултуп,  сөз курайт экенсиз. Ал тамгаларды атайын издейсизби?

—Менин рухум денемди эки жолу таштап кеткен. Жараткандын белги бергенин биринчи жолу түшүнбөсөң, экинчи жолу сөзсүз эскертүү берет. Ошондо ар түрдүү нерселер көзүмө көрүнгөн. Мен ошондон кийин табиятка маани берип калдым. Алдыман ар түрдүү тамгалар түшүрүлгөн таштар кезигип калганын байкай баштадым. Негизи өзүм Күрмөнтүдө туулуп, өскөм. Кийин Бишкектеги Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын аяктап, 1976-жылдары Буратияда аскер кызматын өтөдүм.

Андан соң Алма-Ата шаарындагы театралдык-сүрөт институтун аяктадым. 1998-жылдары Казакстанда, Жамбылда жашачумун. Бир жолу көргөзмөдө сүрөтчүлөр менен сүйлөшүп олтурганда, мен «Адам эч нерсени ойлоп таппайт, анын баары Жараткандын айтканы менен болот. Адам даяр нерсенин үстүндө гана жашайт» дедим. Сүрөтчүлөр «Эмне айтайын деп жатасың?» дешти. Мен болсо, «Мага таштагы тамгалар түшө берет, аларды чогултуп сөз курасам, кандай болот, маселен, Нурсултан Назарбаев деп» дей салыптырмын. Баары күлүп калышты. Ошону менен ал сөздү унутуп деле койгом. Бирок, таштарды кураштырып жазуу идеясы калып калды. Мурда ага өтө маани бербесем, кийин чогулта баштадым. Анан Алма-Атага көчүп келип калдым. Адамдын аң-сезиминен, эркинен тышкары жашаган объективдүү дүйнө жалгыздыкта ачылат. Ошондо учурда биринчи аялым менен ажырашып кетип, 3 жыл жалгыз жашадым. Эч кимди көргүм келбейт. Жалгыз олтурганда, таштарымды кармалайм. Бир күнү оюма Нурсултан Назарбаев түштү. Кураштырсам, «Нурсулта» деп калды. «Н» жок. «Назарбаев» куралды. Мен ошондо дүрбөлөңгө түштүм. Эки суткадан кийин «дагы бир ичке «н» бар эмес беле» деп эстеп, үйдүн чатырчасына чыгып, коробканы каза баштадым. Кызыгы, ошол жалпак, ичке таш коробканын бурчунда тигинен туруп калыптыр. Тамгаларды тизип көрүп, жинди болуп кете жаздадым. Мен таштарды идиштин ичине тизип, үстүнө суу куюп койдум. Таштар даана көрүнөт да. Коля деген кошуна бала келип: «Эмнеге минтип жаздың?» деп сурады. «Эмне депмин?» десем, «Назарбаев Нурсултан» деп окуду. Анан азыркы аялым, ал учурдагы коңшум Лена эчкилерин жайып келип калды. Кесиби геофизик. Ал да окуп койду. Кыскасы, ушундай да болобу деп ойлонуп калдым, тааныштарымдын баарына көрсөттүм. Мунун артында кандай сыр бар экенин түшүнгүм келди. Баары эле «Назарбаевге белек кыл» дешет. Бир жолу көрсөтмөдө турсам, астаналык бир философ аял ташты карап: «Дүйнөлүк философтордун жыйынында 21-кылым кереметтер кылымы деп аталды. Билким, бул ошонун биридир» деп койду.

Таштарды идишке салып жүрүү мүмкүн эмес эле да. Ошентип, жыгач тактай алып, ар бир тамганы уяча кылып оюп, ага бекиттим. Бир айда жасап бүттүм. Мен таштарды  жайгаштыра баштаганда, ар бир тамганын арасын эсептеп, Нурсултан да, Назарбаев да,  9 тамгадан турарын билдим.

-Ошол ысымды канча жыл чогулттуңуз?

-1998-2007-жылдардын аралыгында. Ага чейин нумерология тууралуу билбепмин. Көрсө, тамгаларды чогултууну да 3 тогуз кезиккен жылы баштапмын. “1998”-“9”, “9” “1+8=9”. Кийин санасам, тактайга, фонго түшүрүлгөн жылдызчалар дагы 9 экен. Тактайдын кырларына бастырылган тумарлар да 9. Көптөн бери эч нерсеге жарашпай жүргөн тери бар эле, ошол терини алып чыксам, көлөмү тактайга туура келип, өңү Казакстандын желегине окшоп калды.

Таштарды ата-энеме көрсөтөйүн деп, айылга алып келдим. Айылда жүрүп, жолдо жаткан учтуу ташка бутумду тилдирип алдым. Аны алып салайын деп, жерге кирип турган жагын чукуп чыгарсам, бир жагында 9 деген сан чыкты. Ошентип, Астанага бармак болдум.

Поездге билет заказ кылдым. Билетте «2007-жыл, 9-сентябрь, 9 поезд, 9-вагон, 17-орун» деп жазылыптыр, «саат: 9.10» деп турат. «Баары 9 болуп, орунум 17 болуп калганын кара, 18 болсо эмне»,- деп ойлодум 1 менен 8 тогузга барабар эле.

Ошол күн келип, поездде орундугумду оңдоп жатсам, энтигип карыган байбиче кирип келди. Артында кызы бар. «Ана, ана, биздин орун» деп, көргөздү да, мени карап: «Биздин орундуктар үстүндө турбайбы, балам, мен 90догу кемпирмин. Менин ордума бар» деди. Ошентип, 18-орунга жайгаштым. Көрсө, ал өтө билимдүү байбиче экен. Кызы экөө оппозициялык газеталарды көтөрүп алыптыр. Казакстандагы саясат тууралуу сүйлөшүп баратышты. Алардын сөзүнөн Назарбаев тууралуу баарын билдим. Алар “Назарбаев тартынбай эле “мен Кудай жиберген адаммын” деп айтат экен” деп жатышты. Көрсө, Меккеге барганда, анын үстүнө эки жолу нур жааптыр. “Апа, онусу дурус” – дедим мен. Анан таштарды көрсөттүм. Алар абдан таң калышты. Байбиче мени карап туруп: “Эгер сен бул ташты Назарбаевге чейин жеткирсең, анды анын өмүрүн узартасың”, -деди. Мен таштарды бир жыл бою анын колуна жеткире албай койдум. “Сүрөтчүлөрдү билесиз, акча да жасайсыңар” дегендер болду. Ошол учурда мен үйсүз калгам. Биринчи аялым менен ажырашып, дачада жашачумун. Кыргызстанга кетиш керек болчу. Дачаны эч ким албайт. Ошентип жүрүп, мага Тасмагамбетов гана ишенди, анда Астананын акими болчу. Ал аны сатып алам деди. Таштарды канчага баалашты билбейм. Бул алтын эмес да. Балким, миллион, балким бир тыйынга татыбайт. Ошол учурда үй дей акча деп, 9 санын төлгө кылып, 9 миң доллар сурадым. Кийин бир тыйын кошпой Түптөн дал ошол бааны шып, үй сатып алдым.

—Буга чейин дагы кайсы адамдардын атын курай алдыңыз?

—Юрий Лужков, Владимир Путин, Алмазбек Атамбаев, Рамзан Кадыров. «Аллах» деген жазуусу бар ташты да таап алгам. Атамбаевге да бир жылдан бери ошол ташты жеткире албай койдум. Айланасындагы жан-жөкөрлөрү түшүнбөй койду. Алар таштар дубаланган деп коркуп жатышат. Мен бул кишиге жакшылык гана каалайм десем, ишенишпейт. Таш жөндөн-жөн түшпөйт. Керектүү тамга жөн эле жолуңан чыкпайт. Анын жакындарынын кебетесин көрдүң го, баарына тоюп бүткөн немелер. Алар ага жакшылык каалабай жатышат.

«Алмазбек Атамбаевди» тактайга жайгаштыргам. Тамгаларды саначы.

– Сегиз экен. Эки сап тең сегиз.

-Эми айтчы, канчча жыл чогултту деп ойлосуң?

-Сегизби?

—Бул кишиге «8» деген сан түшөт. Чыгыш чечмелөөсү боюнча, бул «жеңүүчү» дегенди түшүндүрөт. Мисалы, анын туулган күнү 17-сентябрь экен. 17ге 9ду кошсоң -26. Эки менен 6ны кошсоң, сегиз. Сегиз жыл чогулттум. 2017-жылы чогултуп бүттүм. 17-сьездди өткөрдү. Бул жөндөн жөн эмес. Мен композицияларды да санабайм, жарашыгына карата жайгаштырам. Жылдыз, күндүн нуру, тумар 8 түшө берди. Бул таштардын көбү Нарындан, анан Күрмөнтү, Чүй, Жалал-Абаддан чогултулган. Бир тамга эле Казакстандан бери 20 жылдан ашык убакыт жүрдү. Азыр эми, Жээнбековдун атын чогулттуңбу дегендер бар. Эми, Жээнбековдун бир да тамгасы жок болсо эмне кылайын? Мен аны атайын жасабайм да. Бул да Кудайдын буйругу менен болот. Ал кандай келсе, ошондой кетет го. «Жээнбеков да Нэзарбаевдей 9 тамгадан турат экен» дешет. Ар бир кишинин өз учуру болот. Атамбаевден кийинки Президент 7 тамгадан болушу керек эле. Азыр менде Өмүрбек Ба-бановдун аты бар. 7 деген касиеттүү саң. Биздин улуттун лидери болот дегем. Шайлоо учурунда «Эгер Бабанов шайлоодон өтпөсө, бизди саясый кризис күтүп турат, ар түрдүү жагымсыз окуялар болот» деп яйткям Мына. ТЭЦ жарылды,  бүтпөгөн соттошуулар болуп жатат. Шайлоо убагында кандидаттардын атын көрөйүн деп ар бирин кураштырсам, «Өмүрбек Бабанов» даяр экен. Бирок, мен аны тактайга түпгүрө элекмин. Ошондо менден «Тактайга качан түшөт?» деп сурашканда, «Эки жылдан кийин» дегем. Биринчи жыл өттү. Экинчи жылга кетти. Бабанов келет.

—Путин түшкөн таштарды сатып алабыз дегендерге 50 миң долларга сатпай койду дешет го?..

—Путинди мен Атамбаевге берейин дегем. Мен аны сактап калгым келген. Жакында эле ага жолуга албай койдум. Атамбаев ташты Путинге алып барса, иши оңолуп, мамилеси жакшырып, андан көмөк алмак. Мен эсептеп чыктым. Атамбаев 2025-жылга чейин бийликте болушу керек болчу. Мейли, Өкмөт башчы болобу, же министр болобу, ал бийликте болушу керек эле. Ал президенттикке башка кишини алып чыгышы кажет болчу. Жээнбеков мурдагы мезгил менен ой жүгүрткөн чыныгы советтик адам. Аны кайра жасоо мүмкүн эмес.

Ал эми, «Рамзан Кадыровду» атайын чогулткам. Элдик уул. Биз ошондой лидерди чыгара албай жатабыз. Бабалардын жолун жолдобой калдык. Азыр руханий ачарчылыктабыз.

Жумагүл Барктабасова

Булак: "Багыт"

Последние новости