www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжан президенти Ильхам Алиев жубайы, межилис депутаты жана Гейдар Алиев фондунун президенти Мехрибан Алиеваны өлкөнүн биринчи вице-президенти кылып дайындады. Бул тууралуу «Азаттыктын» азери кызматы президенттин басма сөз кызматына шилтеме кылып билдирди.

Ильхам Алиев жубайынын биринчи вице-президент кызматына дайындалышын Алиеванын кесипкөй, тажрыйбалуу, гумандуу жана принципиалдуу адам экендиги менен түшүндүрдү.

"Мехрибан Алиева узак жылдардан бери коомдук-саясий, маданий жана эл аралык ишмердүүлүктө маанилүү ролду ойноп келатат. Ал ар тараптуу жана ийгиликтүү иш жүргүзүп келет. Мына ушул факторлордон улам мен аны Азербайжандын биринчи вице-президенттигине дайындоону чечтим", – деди президент Коопсуздук кеңешинин жыйынында жубайын биринчи вице-президент катары тааныштырып жатып.

Эки вице-президенттик кызматтын негизделишине былтыркы жылдын сентябрь айында Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча өткөн референдум жол ачкан.

Ал өзгөртүүлөргө ылайык, вице-президенттерди өлкө башчысы дайындайт. Эгер президент оорудан же кандайдыр бир башка себептерден улам өз ыйгарым укуктарын аткара албай калса, президенттин милдетин аткаруу мурдагыдай премьер-министрге эмес, вице-президентке өтөт. Андан сырткары референдум менен президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү беш жылдан жети жылга чейин узартылган.

54 жаштагы өлкөнүн учурдагы башчысы Ильхам Алиев президенттик кызматты 2003-жылдан бери аркалап келет. Анын азыркы президенттик мөөнөтү 2018-жылы аяктайт.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости