www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Астанада митинг уюштурган Жанаозендин жумушчуларынын баары бошотулуп, бүгүн үйүнө кайта турганын демилгелүү топтун өкүлү билдирди. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты. 

Бирок борбор калаада "КазМунайГаз" компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 10 жумушчу калат. Алар ишке орношуу боюнча маселени аягына чыгармакчы.

Анткен менен Sputnik Казакстан Жанаозенде абал тынч эмес экенин жазууда. Эртең менен тургундар жолду тосуп алышкан, андан соң аларды кармап кетишкен. Полиция бөлүмгө алып келинген пикетчилерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлө турганын айтты.

Эскерте кетсек, 11-апрель күнү Астананын аянтында акция уюштурган мунайчыларды уруксатсыз митинг өткөргөнү үчүн укук коргоо органдары кармап кеткен. Аны уккан Жанаозендин жашоочулары акимиаттын алдына чогулуп, кармалгандарды бошотууну талап кылышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости