www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас облусунун Кара-Буурин райондук соту аялын сабаган жаранга карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун чечиминде көрсөтүлөт.
Тергөөнүн версиясы боюнча, жаран аялын жаңжыл учурунда сабап салган. Натыйжада аялдын боюнан түшүп калган.
«Соттун жүрүшүндө айыпталуучу С.М. аялын сабаганын мойнуна алган эмес. Анын айтымында, жөн эле анын колунан катуу кармап койгон жана андан соң аялы үй жумуштары менен алек болгон. Айыпталуучунун айтымында, түндө аялы аймактык милиция кызматкери менен үйгө келип, ур-токмокко алынганын айткан.
Ал эми жабырлануучунун айтымында, күйөөсү аны чырдан кийин сабап салган. Эркек аялын чачынан кармап, үйдүн артына сүйрөп барып, ошол жерден сабап баштаган. Жабырлануучунун айтымында, буга чейин күйөөсү баарынан кызгана берген.
Окуядан кийин ал соттук-медициналык экспертизадан өтүп, дарыгерлерге кайрылып, дарыланган. Ага карабастан, аялдын боюнан түшүп калган», - деп айтылат соттун өкүмүндө.
Жыйынтыгында сот аталган жаранды үч жылга шарттуу түрдө көзөмөлгө алуу өкүмүн чыгарган.
Булак: NazarNews.kg