www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билим берүү системасын реформалоонун багыттары боюнча форумда Билим берүү министр Каныбек Иманалиев быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрүн жардамга тарта турган коомдук жаңы долбоорду баштап жатканын билдирди. Мындан улам, министр: "Мектептин техникалык керектөөлөрүн камсыздоодо ата-энелердин жүгүн жеңилдетишибиз керек. Быйыл "Бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясы" деген социалдык долбоор башталып жатат. Бүтүрүүчүлөр өз ыктыяры менен тиркеме аркылуу мектептин өнүгүшүнө салым кошо алат. Биз барыбыз мектептен тарбия, жашоого тажрыйба алганбыз. Мектеп биздин экинчи үйүбүз болгон. Анан ар бирибиз мектебибизге 100 сомдон которо албайбызбы?", - деп айтты. Министр белгилегендей, ушул жылдан тартып бүтүрүүчүлөр өз ыктыяры менен билим алган уясына финансылык жардам көрсөтө алышат дейт.
Өткөн кездеги Каныбек Иманалиевдин былыктарын эстей жүрөлү. 22 -март күнү Жогорку Кеңештин биринчи жыйыны өтүп, депутаттык мандаттарды алышты. Мандат алганы менен “ичкени ирим, жегени желим” дегендей, жүрөктөн санаа кетпей түрган эле. Өлкөдөгү абал өтө оор болчу. Муну баары көрүп турган. Бийлик дээрлик бүт республиканын аймагында таасирин жоготуп, башкара албай калган. Көтөрүлгөн эл улам күчөп, облустарда өз өкүлдөрүн губернатор кылып шайлай башташкан. 24-март күнү Бишкекте 50 миңден ашык киши катышкан митинг башталды. А.Акаевдин аргасы түгөнүп, өлкөдөн качуудан башка жол таппады. Өлкө ичи ызы-чуу түшүп, жатып калды. 2- чакырылыштын депутаттары, – Биз ишибизди улантабыз. Үчүнчү чакырылыш кеткиле. Акаевчи парламентсиңер, – деп келишип, чоң жыйындар залын ээлеп алышты. – Жок. Кечээ эле биринчи жыйын болуп, мандат алдык, биз легитимдүү парламентпиз,- деп кайра келип, 3- чакырылыштагы депутаттар ээлеп алды. 2- чакырылыштын кайра шайланып келген депутаттары токойдогу түлкүдөй болуп, эки жакка ойноп туруп алышты. Акыр аягында, “Же биз менен 3- чакырылыштын депутаты болгула же 2- чакырылыш менен кеткиле” деп кысымга алып жатып, 2 күндүк ызы-чуудан кийин 3- чакырылыштын депутаттары легитимдүү парламент болуп, олтуруп калды. Бул жерде да соодалашуусуз иш бүткөн жок. Бийликти колуна алган Бакиевдин командасы менен күнү-түнү сүйлөшүүлөр жүрдү. Бийликке келгендерге, “кылтыңдабай ак дилден иштеп беребиз”- деген убада берилди. Биринчи эле күн тартибиндеги маселе катары, кантип Акаевден «Өз каалоом менен президенттиктен кеттим» деген арызын жаздырып келебиз дегенди талкуу болду. Өмүрбек Текебаев башында турган Жантөрө Сатыбалдиев, Каныбек Иманалиев, Кадыржан Батыров, Темир Сариев болуп, артынан барып арызын жаздырып келүү үчүн парламент, аларды делегат кылып шайлашты. Москвага учуп кетти. Элчи тосуп алды. Элчиликте Н.Танаев менен К.Жумалиев бар экен. Түштөн кийин А.Акаев келди. Жанында Айдар менен Бермет бар. А.Акаев: – Өмүрбек Чиркешович менен өзүмчө сөзүм бар эле. Беш-он мүнөт сүйлөшүп алайын, – деди. Баргандар: «Жок, баарыбыз чогуу олтуруп, чогуу сүйлөшөбүз, – деп болбой койду. – Анда, Айдар менен Бермет дагы сүйлөшүүгө катышсын, – деди эле, – Болбойт, – деп, аларды дагы катыштырган жок. Сүйлөшүүлөр жүрө баштады. Столдун бир тарабында Каныбек Иманалиевдер, экинчи тарабында А.Акаев, К.Танаев, К.Жумалиевдер олтурушту. Аскар Акаев:
-Арызды эртең жазып келип берейин. Бүгүн даяр эмесмин, – деди. Каныбек Иманалиевдер тырышып болгон жок,
– Бүгүн, азыр эле жазып бериңиз, – деп. Анткени, эртеңге чейин айнып кетсе, дагы бир топ убара болобуз деп турушту. Себеби, А.Акаев, – Мен легитимдүү президентмин, эртеңге чейин ойлоноюн, – деп олтуруп алды. Талашып-тартышып жатып, – Анда азыр журналисттерди киргизели, оозеки жарыя айтып коюңуз да, эртең өз колуңуз менен жазып келип бериңиз,- деп жатып араң дегенде макул кылды. Кырктан ашык журналисттер күтүп турушкан эле. Киргиле дегенде, бирин-бири тебелеп кирип келишти. А.Акаев маек куруп, өз каалоосу менен арыз берип жатканын жарыялады. Каныбек Иманалиевдер жыргап үстүнөн оор жүктү алып салгандай эле болду. Анткени, депутаттар Каныбек Иманалиевдерге ишеним көрсөтүп жиберишкен да. Себеби, А.Акаев официалдуу түрдө өз арызын жазып бербесе, кийинки шайланган президент легитимсиз болот деген маселе түрган эле. Ошентип, арызын жаздырып алып, Бишкекке учуп келди. А.Акаевдин арызын парламентке добушка коюп, кабыл алды. Ушул күндөн баштап, саясатта абдан кызыктуу окуялар башталды.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg