www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжандын өкмөтү өлкөдө Кызыл чырым уюмунун өкүлчүлүгүн жабуу тууралуу билдирди. Азербайжандын «АРА« маалымат агенттиги маалымдагандай, Бакунун расмий билдирүүсү боюнча, уюмдун жергиликтүү өкүлчүлүгүнүн учурдагы ишмердүүлүгүнө зарылчылык жок.

Бийлик өкүлдөрү акыркы бир нече жыл ичинде Азербайжан менен уюмдун ортосунда көйгөйлөр болуп келгенин билдирген. Тагырагы, уюм бийликти кабардар кылбастан таанылбаган Тоолуу Карабах Республикасынын борбору Степанакертте (Ханкенди) кеңсе ачып, Азербайжан аймакты көзөмөлгө алып, кийин аймак жоюлгандан соң да аны жабуудан баш тарткан.

Ошондой эле, Баку расмий түрдө БУУнун төрт кеңсесинин - БУУнун Өнүктүрүү программасынын, БУУнун Калк фондунун, БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссар башкармалыгынын жана БУУнун Балдар фондунун (UNICEF) -жабылышы боюнча сунуш киргизди.

Азербайжан бийлиги февраль айынын башында Бакудагы Орус үйүнүн жабылганын, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) ишин токтотуу тууралуу маалымат жарыялаган.

Мындан тышкары, Бакуда чет элдик ЖМКлардын өкүлчүлүктөрү да жабылууда. Алардын катарында, «Би-Би-Синин» жана Россиянын мамлекеттик «Sputnik» агенттигинин өкүлчүлүктөрү бар.

Последние новости