www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда көпчүлүк жарандар акыркы учурларда социалдык тармактан башы чыкпай, жеңил-желпи жашоого сүңгүп кирип бара жаткандайбыз. Блогерлердин көпчүлүгү өздөрүн журналист сезип, тумшугу баткан жерге кол телефонун көтөрүп барып, «буюртма» аткара баштады.

Айрым аттуу-баштуу ырчылар колуна тийген нерсени жарнамалап баштаса, блогерлер менен ютуберлер «Шок», «Жарды», «Азыр өчүп калат», «Өлдү» деген темаларды коюп алышып, ар кандай темаларды каалагандай калчашууда. Аны менен элдин башы айланып, чыныгы чындыкка ишенишпей арасат аңга түшүп калууда. 

Ой, «ТикТок» тарапка баш багып кирүүнүн кажети жок, ал жакта Кудай сактасын бир өңчөй макоолор кирип алгандай. Чоң менен кичинеси деле талтаңдап, жамбашын кыймылдатып, жылаңчтанганга аз калды. Айрым мамлекеттер «ТикТоктун» коомчулукка терс таасири тийип жаткандыгын айтып, толугу менен жаап салганын да эске сала кетпесек болбойт.

Баса, социалдык тармакта Ажара Алишеровна аттуу жаш блогер бар. Instagramда 393 миң, ТикТокто 430 миң катталуучусу менен жалпыга маалым. Өзүнүн баракчасында мээримдүү, ыймандуу, татынакай көрүнгөнү менен жакын курбусу анын беткабын сыйрып, коомчулукка мас болуп жаткан жеринен видеотасмасын жүктөдү. Видеотасмадагы сөздөрүн жазууга тамгалардын күчү жетпейт. Болгону анын: --“Ажара Алишеровнанын сөзү «до х.я» жерде закон болуш керек” – деген сөзү чоочутту. Жаш болгону менен ичимдик тургай, төшөк ойнуна жакын кыздын мындай аракети учурда интернет менен өсүп келе жаткан жаштарга терс таасирин тийгизбей койбойт. Бийлик так ушундай интернет “келесоолорун” алдын-албаса эртеңкибиздин бары менен жогуна эч ким кепилдик бере албайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости