www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезия менен кызматташуу боюнча Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин парламенттик достук тобунун башчысы, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев Индонезиянын Өкүлдөр палатасынын Мыйзам чыгаруу комитетинин башчысынын орун басары Вилли Адитья баштаган Индонезия парламентинин делегациясы менен жолугушту.

Ошондой эле, жолугушууга Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин төрагасынын орун басары Чынара Урумкалиева, Индонезия парламентинин мүчөлөрү Хендрик Леверисса менен Байдови катышты, деп билдирди парламенттин басма сөз кызматы.

Жолугушуунун жүрүшүндө депутат Абдывахап Нурбаев Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаал жөнүндө учкай маалымат берди. Ал Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясынын кабыл алынышы менен, Жогорку Кеңеш мыйзамдарды өлкөнүн Баш мыйзамына шайкеш келтирүү боюнча иш алып барышы керек экенин билдирди.

Депутат Абдывахап Нурбаев эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык байланышка кайрылып, өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн төмөндүгүн белгилөө менен бирге, эки тараптуу экономикалык өз ара аракеттерди жандандыруу зарылдыгын айтты. Ал эми депутат Чынара Урумкалиева билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатында кызматташуу боюнча маселе көтөрдү.

Индонезиянын Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Вилли Адитья Кыргызстан менен Индонезиянын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Андан тышкары, тараптар парламенттер аралык өз ара кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү, билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатында тажрыйба алмашуу, анын ичинде Кыргызстан менен Индонезиянын жогорку окуу жайларынын ортосунда студенттерди алмашуу маселелерин талкуулашты, деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости